www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Назарньюс" сайты аркылуу мурунку укук коргоо кызматкери президент Сооронбай Жээнбековго Кайрылуу жолдоду.
Кайрылуу!
Улуу урматтуу
Сооронбай Шарипович!
Мен Жунусов (Акматов) Калдаралы сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө:
1984-жылы Горький шаарындагы милициянын жогорку мектебин бүтүп келип, Свердлов районунун Ички иштер бөлүмүнө ОБХССтин (Финпол) оперативдик инспектору болуп жумушка кирдим.
1986-жылы ошол кездеги “Госогрономдун” автобазасынан эң ири кылмышты (уурулук) таап, ошол кездеги Свердлов районунун прокурору Жумагулов менен пикир келишпестик келип чыкты. Себеби, ал ошол уруулукту жаап коюмду талап кылам. Мен анын сөзүнө макул болбогондугумдан кийин мага карата ар кандай кылмыштарды сырттан иле баштады.
Ошол 1990-жылдан бери эч жерге иштетишбестен келишет. Мени акылы толук эмес, рецидивист деген ушак сөздөрдү таркатышып жашыруун кызматтар азыркыга чейин артымдан аңдууну улантышууда.
Ушунча жылдан бери тоскоолдук көрсөтүшүп иштетпей келишкен. Алардын мага карата мыйзамсыз иштерин карап, “мени кайра ишке алгыла” деп Ленин райондук сотуна он жылдан бери кайрылып келем, бирок алар менин доо арызымды ар кандай шылтоолорду айтышып, карабай келишет. Быйыл жалпы пенсияга чыгайын десем Ленин районунун социалдык бөлүмүнүн башчысы баш болуп тоскоолдук жаратышууда.
Сизден суранаарым менин көйгөйлөрүмдү акыйкат чечип берип, тийиштүү органдарга тапшырсаңыз!
Сизди терең урматтоо менен Калдаралы Жунусов
Байланыш түйүнү: 0702 56 20 79
Булак:NazarNews.kg