www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg


Ушул жуманын башында Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинин директору Юристанбек Шыгаев мамлекеттик мүлк катары саналган эки картинаны алып, кийин начар абалда музейге кайтарып бергени боюнча чоң жаңжал чыккан. Министрликтен түзүлгөн комиссия текшере келгенде Шыгаев музейден Николай Сверчковдун кыл калеминен жаралган «Ит менен ат» жана «Бакуниндин портрети» аттуу сүрөттөрдүн түп нускасын алганы, аларды бузулган абалда кайтарганы аныкталды.

Былык иштин бары билинген соң айласын таппай калган Шыгаев кызматынан кетүү боюнча арызын жазып кутулуптур. Бирок, мындай кыңыр ишти кызматынан кетирүү менен жаап коюу туура эмес деп эсептейбиз. Анткени, жарактан чыккан картиналар Совет убагында Третьяков галереясы жана Пушкин музейи тарабынан белекке берилген мамлекеттик мүлк болуп эсептелет. Ар ким өз билгенин кылып, иштеген жерин булгап кете берсе эртең тамырыбызды таппай калабыз.

Булак: "De-facto"

 

 

Последние новости