www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагинбаева үй камагына чыгарылды деген кабар уккан кишиде толгон-токой суроолорду жаратууда, Жогорку соттун маалымат кызматы: «Сагинбаеванын бөгөт чарасын 22-май күнү Биринчи Май райондук соту карады. Сот КРдин Жазык-процессуалдык кодексинин 118-беренесин эске алуу менен Сагинбаеваны сот залынан үй камагына бошотту» деп жар салды. Эске салсак, ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин боштондукка чыгып кетиши боюнча козголгон иштин негизинде кармалган.

Сот айыпталуучулар Сагинбаева менен Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин мурунку кеңешчиси Калыбек Качкыналиевдин баш коргоо чарасын 16-майда карап, 26-июнга чейин №1 тергөө абагында калтырган. Ошондой эле тергөө иштеринин алкагында буга чейин Батукаевге рак диагнозун койгон онколог менен лабораториянын кызматкери жана мурдагы вице-премьер Шамил Атаханов кармалган. Көңүл бурчу жагдай, крим-төбөл эркиндикке чыккан маалда Сагинбаева Саламаттыкты сактоо министри кызматында болгон. Жана учурда козгоп жаткан ишке моралдык жактан ошол кездеги министр катары дагы очойгон жоопкерчилиги бар.

Экс-министрдин үй камагына чыгышы анын башкалардан жоопкерчилиги аз болгонбу же Сагинбаеванын бөлөк кармалган карапайым кызматкерлерге салыштырмалуу артыкчылыгы барбы деген закон ченемдүү суроону жаратат. Жогорку сот эгер кое бере турган болсо эмне үчүн №1 тергөө абагына камайт. Анан кайра кое берет. Бул эмне кыларга жумуш жоктогу оюнбу? Анда эмне үчүн ошол экс-министрдин кол астында иштеген лаборант Цопова дагы үй камагына чыкпайт?! Анын Сагинбаевага салыштырмалуу жүйөлүү себеби бар, буту сынып, саламат-ыгына доо кеткен.

Жогорку сот ушул жерден гумандуулугун жана жарандарга бирдей акыйкат кара-андыгын көрсөтсө болмок. Сагинбаеванын тергөө абагынан үй камагына чыккандыгы ал тиешелүү кишилер аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, капчыгы калың неме берчү суммасын бергени бештен белгилүү эмеспи. Ал эми Цоповадай жөнөкөй кызматкерде кайдагы акча. Сот системасы өзүнүн ичтен ирип-чирип бараткандыгын ушундай кадамдары аркылуу далилдеп коет. Буга коомчулук дагы күбө.

Булак: "De-facto"

Последние новости