www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
24-майда Кыргызстандагы гей-парадта оюн билдире коёмун деп жемеден-жемеге калган Равшан Жээнбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматын реформа кылыш керек деген тегерек стол өткөрдү.
Ага бейөкмөт уюмдар, Рита Карасартова баштаган өкүлдөр катышты. Мындан тышкары жаштар дагы жыйынга келип, активист Дастан Эркин уулу кечээ эле гей парад кылып жүргөн Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартованы сынга алды. «Силердин реформа жөнүндө сүйлөгөнгө моралдык укугуңар жок, а түгүл гей парадчы Равшан Жээнбеков менен чогуу отургандан жийиркенем!»-деп жыйындан чыгып кетти.
Мындан кийин Фейсбукта талкуу болуп, белгилүү журналист Манас Осмон Равшан Жээнбеков менен Рита Карасартованын сүрөтүн коюп мындай пост жазды:
— Мына кокуйларды карасаңар… Ушулар УКМКны реформа кылабы? Күлкүң келет. Кандай гана жийиркеничтүү булар! Тфу, тфу!,—деп интернет аркылуу экөөнүн бетине түкүрүп салды. Бул тууралуу маалыматты Жаңырык сайты жазып чыкты.
--Кызыгы, эки укук коргоочу кимдин, кайсы жактын талабын аткарып жатканы айдан-ачык. Чындыгын алып караганда ар бир мамлекеттин өзүнүн жашырган сыры болот. Бул экөө уктап туруп оюна келгенди айта бергени кызык. Булардын бул кадамы - мамлекетке болгон чыккынчылыгы. Экөө тең арыдан-бери болушса же гей парад уюштура албай жатабы? Кыскасы, бул экөөнө каттуу чара көрүш керек...Анткени булар гей-парадка катышып, мамлекеттин беделине доо кетирди,- деди Урмат Акунов.
Булак: NazarNews.kg