www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Рыскелди Момбеков Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Транспорт жана жол министри Жанат Бейшеновду жарга такап, жол салган компанияларга адвокат болбоо маселесин кабыргасынан койду.
Эл өкүлү 2017-жылы бүтө турган Суусамыр - Талас - Тараз жолунун курулушу бүгүнкүгө чейин бүтпөй жатканын белгилеп: "2019-жыл акыркы мөөнөт болчу. Министрликтин шалаакылыгынан улам мөөнөтү өтүп кетип, "Ислам өнүктүрүү банкы" каржыны толук бербей жаап салды. Банкта 1 миллион 600 миң доллар акча калып калды. "Чакыр Япы" компаниясы качып кеткен, "Кыргыз жол курулуш" компаниясы акчасын ала албай соттошуп жүрөт, УКМК кылмыш ишин козгоду. Мен факты менен айтып жатсам, сиз эмнеге жомок айтып жатасыз? Жол 2017-жылдын август айында бүтүшү керек болгон. Эки жыл өттү, бүтө элек. Буйрутма берген министрлик. Демек, эч кандай көзөмөл болгон жок" - деп билдирди. Министр оңдуу жооп таба албай тердеп-кургап айласы кетти, -деп "Фабула" гезити жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg