www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Садыр Жапаровду колдоо штабынын мүчөсү, жеке ишкер Данияр Малабеков саясатчы Садыр Жапаровду эл өзү эле бошотуп алышы керек деген ойдо.
Төмөндө Жапаровдун колдоочусунун пикири толугу менен:
Урматтуу Кыргыз журтум!
Дүйнөдө 7 миңге жакын тил, 2500 жакын улут бар. Кыргыз эли ушунчалык Кудай сүйгөн, бактылуу эл экенбиз, 120 депутат талап жесе дагы мамлекет түгөнбөй жатат. Азыркы учурда суверендүү өлкө деп 193 өлкө БУУ тизмесине катталган, 60 өлкөнүн эли өздөрүн эркинбиз дегени менен суверендүү өлкө деп БУУ тарабынан таанылган эмес. Мына туугандар! Биз кандай гана бактылуу элбиз.
Алакандай кыргыз 193 мамлекеттин ичинде - эркин эл, демократиянын үлгүсүн көрсөткөн, цивилизациялуу өлкөлөрдүн ордун толуктайт. Тилекке каршы, азыр биз эң баалуу болгон эгемендүүлүгүбүздү жоготуу алдында турабыз. Азыр ар бир кыргыз өлкөнүн тагдыры үчүн баш оту менен киришибиз керек. Ар бир кыргыз уктап жатпай бийликтин ээси - эл деп ойгонушубуз керек. Анткени дагы 10 жылда жерлерибиз Кытайга карыз ордуна алып койбойт деп эч ким кепилдик бере албайт . Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, кен байлыктарын сактап калуу үчүн болгон күчүн жумшап жаткандарды камап жаткандык - бул чыккынчылык.
Дүйнө ойгонуп, саясаттан арылып, жаратылыш катастрофаларын алдын алуу менен убара. Биздин чиновниктер жаратылыш катастрофалары ары турсун, тескерисинче өздөрү баш болуп тынч жаткан жерлерди жардырып, Кытайга берип, цианид уулу заттар менен элди уулап жатат. Буга ким күнөөлүү? Албетте өкмөт. Аларга көмөк көрсөтүп, арзыбаган акчасына алданган кайдигер эл. Ошондуктан жалпы журт акылыбызга келели, ойгонолу.
Бүгүнкү күндө жалгыз өзү үй-бүлөсүн садага чаап, ар бир кыргыз үчүн кылымдын кыраан жигити Садыр мырза муну далилдейм деп түрмөдө олтурат. Мындай далил буга чейин болгон эмес, болбойт дагы. Кыргыз эли үчүн эң баалуу болгондорунан баарынан кечип, өзүнүн башын сайды. Мындай эрдик эч кимдин колунан келе бербейт. С.Жапаровду эл өзү чыгарып алышы керек, элдин тандоосу келди. Калган кадамдар элден. Садыр мырза атуулдук милдетин бул дүйнөдө эли үчүн, жери үчүн так аткарды жана элге карызы калбады. Эл үчүн баарын жасады, ага жараткан Кудай өзү күбө.
Сиздерди терең урматтоо менен Малабеков Данияр Турусбекович!
Булак: NazarNews.kg