www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Берекеси менен эсте калган, эс алууну август айында туура эмес ойлонуп иштин көзүн таба албай кыйналган жана жагымдуу мүмкүнчүлүктөрдү жаздым кетирбеген айлакерлер үчүн көп жактуу сунуштар түшөт.
Жылдыз төлгө боюнча август айы Сатурн менен Меркурийдин таасиринде өтөт. Бул сөз финансылык киреше жана шашылыш жагдайда чечилген кадамдардан сак болуу керек экендигин эскертет.
*
Августтун биринчи он күнү - сизге катуу таасир калтырган адамдар менен жолугушасыз. Чыгармачыл адамдар бул күндөрү кандайдыр бир өзгөрүүнү күтүшөт, ал эми жылдыздар эң биринчи өзүнүн имиджин, келбетине жаңылык киргизүүнү сунушташат. Эгер сиздин ишиңиз, акча, эсеп, же сандар менен тыгыз байланышта болсо өзгөчө сак болуңуз.
*
Августтун экинчи он күндүгү - сизден олуттуу чечим кабыл алууну жана калыс болууну талап кылат.
Санаа, кыжалат болуу жашоонуну ички ритмин бузат, ошондуктан маанайды жакшыртып, келечек пландарды жана акча коротуунун схемасын бир аз болсо да жөнөкөйлөштүрүп өзгөртүүгө көңүл буруңуз. Алдыда жагымдуу ийгилик сизди таза үйдө, таза мээнет менен күтөт.
Августтун үчүнчү он күндүгү - тынч болуп өзүн калыптандыруу жана эс алуу үчүн бөлүнгөн убакыт. Эгер сиз буга чейин өзүн өзү адамдык өнүктүрүүгө кызыгып, бирок баштай албай жатсаңыз, мезгил жетти. Көңүл сүйгөн адамга да көңүл бурууну унутпаңыз.
Балдар жашоонун максаты, алардын камкордугу да сиздин жоопкерчилигиңиз менен.
Сүйүү үч бурчтугу - өзүңүздүн намысыңыз жана кадыр-баркыңыз үчүн ар тараптуу болууга аракет кылган кадамыңыз менен жүрөгүнө жол сала аласыз. Социалдык статусту өзгөртүү жакшы жагына эмес.
*
Иш жана карьера - жайдын акыркы айы карьера дагы аракеттер үчүн анчалык жагымдуу мезгил эмес. Чыгармачыл адамдардын аракети да өзүн көрсөтүү деп ашыкча бааланат. Баары эс алуу максатын гана көздөп жүргөндө өсүүнү башка учурга пландоо менен кажет.
*
Ден соолук маселеси - эң биринчи иммунитетти чыңдоочу аракеттер менен алек болуңуз. Анткен менен аллергиктерде, ысыкты оор кабыл алгандарга бул күндөрү көйгөй жаралат.
Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ