www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров 21-мартта кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап: «Дүйнө жүзүндө үй-бүлөдө экиден бала төрөлсө, ал мамлекеттин индекси жакшы деп саналат. Биз да төрт-беш бала төрөлгөндү Кудайдан тилейли. Калкыбыз алты жарым миллиондон ашты», - деп белгилеген.

Коомчулуктагы бул талкууга байланыштуу биз Акылбек Жапаровдун 2012-жылы жарык көргөн «Өзүбүздүн өнүгүү жолубуз» аттуу китебине жазган үй-бүлө тууралуу көтөргөн маселесин чагылдырабыз:

«Жакырчылыкка каршы күрөш жана бир кылка өнүгүү маселеси

Биз ар бир адамды өзүнчө карабастан, үй-бүлөнүн курамында карап, ошого жараша жардам берүүгө тийишпиз. Бизде 1 миллион 245 мин үй-бүлө бар деп болжолдосок болот. Анын 131 миң үй-бүлөсү өтө жакыр жашайт, 270 миң үй-бүлө жакыр абалда, 120 миң бай үй-бүлө жана орто катмардагы 724 миң үй-бүлө бар.

Жакыр үй-бүлөлөргө, 401 миң үй-бүлөгө, мамлекет даректүү жардам бериш керек, ал эми 844 миң үй-бүлө үчүн тартип керек. Башкача айтканда, бизнес үчүн ыңгайлуу шарт түзүү зарыл.

Азыркы мезгилде мамлекет тарабынан берилген жардам чачырап кетип жатат. Ар бир адамга өзүнчө жардам көрсөтүлүп, анын бай, же кедей үй-бүлөдөн экенине маани берилбейт. Чындап келсе турмушу начарларга биринчи кезекте үй-бүлө жардам берет. Ата-энеси балдарына, балдары ата-энесине. Айрым учурда жакын туугандары жардам беришет. Жамандык, жакшылык болгондо кошумча бере тургандар биринчи кезекте так ушул туугандары.

Айрым үй-бүлөнүн абалы абдан начар жана ага берилген жардам өтө аз болуп жатат. Ошол эле убакта оокаттуу үй-бүлөлөргө дагы жөлөк пул, пенсиялар жана жеңилдиктер дагы ошончо өлчөмдө, мүмкүн андан көбүрөөк берилип жатат. Оокаттуу, тың жашап жаткандарга дагы, абалы абдан начар болгондорго дагы бирдей социалдык колдоо көрсөтүлө берсе, анда алардын ортосундагы ажырым улам көбөйө берет.

Андыктан, бул системаны адилеттңң жана натыйжалуу абалга жеткириш үчүн реформа зарыл. Ар бир жаранды үй-бүлөнүн курамында карап, ошого жараша социалдык жардам көрсөтүү ушул реформанын негизги багыты болууга тийиш.

Биз өтө кедей жашагандарга бейиш куруп бербесек дагы тозок сыяктуу абалдан куткарып алуу милдети мойнубузда турат. Албетте, алардын кээ биринин начар жашап жатканына үй ээсинин аракеч болуп, же бангиге берилип кеткени себеп болуп жатат. Бирок начар жашап жаткандардын көбүнүн ушундай абалына коом күнөөлүү. Алар жумуш орундары менен камсыз болушкан жок. Көпчүлүгүнүн билими бар, бирок алардын кесибине жараша жумуш орундары жок.

Албетте, ар бир пенсионер ошол пенсияны ак эмгеги менен тапкан. Бирок экономикалык кырдаал өзгөрүп, анын ичинде валюталардын курсу, өсүш темпи, иштеген адамдар менен пенсионерлердин ортосундагы баланс өзгөрүп жатканын эске алуу зарыл.

Басымды үй-бүлөгө жасоо менен биз кайрадан ата-бабаларыбыздын салтына кайрылып келебиз жана үй-бүлөнү, муундардын ортосундагы позитивдүү мамилелерди, эң негизгиси элибизди улут катары сактап калабыз. Урмат-сый, адамкерчилик мамилелер боюнча тарбия иштеринен тышкары үй-бүлөдө финансы мамилелери дагы бекем болсо, балдары ата-энесине кам көрүшсө, анда коомубузда прогресс болот.

Аймактардын арасында дагы айырмачылыктар кеп болуп жатат. Жакырчылык бир аймактарда көп, экинчисинде азыраак.

Региондордун ортосундагы айырманы алардагы орточо эмгек акынын деңгээлинен көрсек болот.

Ишканалар менен уюмдардын кызматкерлеринин номиналдык орточо айлык эмгек акылары Баткен областы боюнча 2011-жылы 6531 сом, Жалал-Абад областы боюнча 8149, Ысык-Көл областы боюнча 13729 сом, Нарын областы боюнча - 8445 сом, Ош областы боюнча 6419 сом, Талас областы боюнча 7036, Чүй областы боюнча - 7207, Бишкек шаарында - 11336 сом, Ош шаарында 7394 сом болгон. Ушул фактылар көрсөтүп тургандай чөлкөмдер ортосунда орчундуу айырмачылыктар бар экени көрүнүп турат.

Бул маселени чечүүдө аймактар боюнча айырманы эске алуу менен өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу боюнча өзүнчө программа түзүү зарыл. Ички жана тышкы миграцияны кескин азайтуу менен гана биз өлкөбүздң сактап калабыз. Ар бир аймакта өндүрүштү өнүктүрүү, жарандардын кирешелерин көбөйтүү зарыл.

Бул максатта бардык ашыкча ысырап болуп жаткан каражаттарды азайтып, ар бир тыйынды үнөмдөп жана улам бир аймактын орчундуу маселелерин чечүүгө финансы каражаттарын багыттоо керек. Азыркы мезгилде финансы жана башка ресурстарды маанилүү багыт боюнча топтоо болбой жатат. Приоритет, же болбосо артыкчылыктуу багыттар деген декларация түрүндө гана болууда», - деп жазган Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости