www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Доллардын куну акыркы мезгилде Украинадагы окуялардан улам 83 сомдон 106 сомго чейин көтөрүлүп кеткен. Натыйжада товарларга болгон баа кескин өсө баштаган. Кечээ Орусия президенти Путин «кас мамлекеттерге» жаратылыш газы рублга гана сатылат деп койду эле, ошол замат доллардын куну түшө баштады. Кымбаттаганда бардыгы шык эле кымбаттай баштайт, доллардын куну Орусияда түшсө, эми Кыргызстанда да ылдыйлай баштайт.Товарларга болгон баа түшө баштайбы, ал ач көз сатуучулар менен бийликтин колунда. Эгер бийлик туура саясат жүргүзүп антимонополиялык кызматтарды катыра иштетесе, анда мурунку кайра калыбына келет.
Доллардын кунунун түшүшүнүн дагы бир себеби доллар менен евронун өз сөзүндө турбаганы үчүн кадыр-баркы кете баштаганы. Орусияга жасалган санкциялардан улам алар алдап газды доллар менен соода кылдырып жатканы түшүнүктүү болду. Себеби доллар жана евро менен түшкөн акчаларды «тоңдуруп» четинен өздөрүнө ыйгара баштады, бул биринчиден. Экинчиден, Кытай, Индия сыяктуу зор державалар АКШны укпай коюшуп, Орусия менен өз валюталары менен соода кыла башташты. Демек, АКШнын сөзүн Европа мамлекеттери, Австралия гана угуп,анан алардын жетегиндеги мамлекеттер аргасыз жетеленди.
Үчүнчүдөн, мунайзатты көбүрөөк чыгарып, Орусияны сызга отургузабыз деген АКШнын сөзүн Сауд Арабиясы капарына илген жок. Бардык арабдар нейтрал мамилени кармап турушат.
Орусиянын президенти Владимир Путин “кас өлкөлөргө” газды экспорттоодо төлөмдү доллар менен эмес, рубль менен алууну тапшырды. Бул боюнча буйрукту ал Борбордук банкка жана өкмөткө берди. Газга рубль менен төлөө операцияларынын тартиби бир аптанын ичинде аныкталып чыгат. Украинага кол салгандан кийинки санкцияларга жооп катары Орусиянын өкмөтү 7-мартта "кас өлкөлөрдүн" тизмесин түзгөн. Ага Евробиримдиктин мүчөлөрү, Британия, Канада, АКШ, Жапония, Швейцария, Микронезия, Сан-Марино сыяктуу 50 мамлекет киргизилген.
Президенттин буйругуна ылайык, бул тизмедеги мамлекеттер Орусиянын рыногунан газды рубль аркылуу сатып алышы керек болот. Муну үчүн алар алгач рублди сатып алуу үчүн өздөрү орус жергесине доллар же евро киргизүүгө аргасыз болушат.Владимир Путин өз чечимин комментарийлеп жатып, “жамааттык Батыш өздөрүнүн валютасына гана ишенип, Орусияга санкция салып жатса, Евробиримдикке товарын жеткирип жаткан Орусияга дагы алардын валютасында акча алуунун мааниси жок” деди. Ал ошол себептүү “өзүн-өзү актабаган валюталар менен эсеп жүргүзүүдөн баш тартуу чечимин кабыл алганын” кошумчалады.
Москва Украинага кол салгандан кийин АКШ доллар банкнотторун, Евробиримдик евро банкнотторун Орусияга ташууга тыюу салган. Мындан сырткары алар Орусияга караштуу доллар жана евро түрүндөгү резервдерин камакка алып, он чакты орус банкын SWIFT аттуу банктар арасындагы акча которууну камсыз кылган глобалдык системасынан өчүргөн.
Бул орус жергесинде чет элдик валютада алып сатуу жүргүзүүнү татаалдатты. Өлкөдө накталай доллардын жана евронун тартыштыгы кескин байкалып, бийлик бир нече чектөөлөрдү киргизүүгө аргасыз болду.
Путиндин идеясына Батыш өлкөлөрүндөгү сатып алуучулар кандай реакция кылары белгисиз. Мурдараак Москвага киргизилген санкциялардын алкагында АКШ Орусиядан мунайды жана газды импорттоого тыюу салган, Евробиримдик орус газына олуттуу көз каранды болгондуктан, андан баш тарта элек. Германия баштаган өлкөлөр альтернатива издөөнү жанданткан.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg