www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Анталия дипломатиялык форумунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жетекчисинин орун басары – Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын начальниги Азамат Кадыралиев Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин атайын өкүлү катары чет өлкөлүк өнөктөштөр менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

Атап айтканда, төмөнкүлөр менен сүйлөшүүлөр болду:

• Эль-Сальвадор Республикасынын Вице-президенти Феликс Уллоа;

• Сьерра-Леоне Республикасынын Премьер-министри Давид Моинина Сенгех;

• Коста-Рика Республикасынын тышкы иштер министри Арнольдо Андре;

• Руанда Республикасынын тышкы иштер министри Оливер Ндухунгирехе;

• Бангладеш Эл Республикасынын премьер-министринин атайын өкүлү Хумаюн Кабир;

• Африка биримдигинин Төрагасынын атайын өкүлү Амбдивели Мохамед Али;

• Замбия Республикасынын тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Муламбо Хаимбе;

• Уганда Республикасынын тышкы иштер министри Одонго Жедже Абубакар;

• Сан-Томе жана Принсипи Демократиялык Республикасынын тышкы иштер, кызматташтык жана жамааттар иштери боюнча мамлекеттик министри Ильза Мария дос Сантос Амадо Ваз;

• Люксембургдун тышкы иштер министри Ксавье Беттель.

Жолугушуулардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү перспективалары талкууланды. Саясий диалогду чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык жана гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Азамат Кадыралиев өнөктөштөргө Кыргыз Республикасында Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында жүргүзүлүп жаткан жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздоого багытталган ири реформалар тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары, эки жактуу алакалардын келишимдик-укуктук базасын кеңейтүү маселелери өзүнчө каралды.

Тараптар эл аралык уюмдардын алкагында кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө, ошондой эле глобалдык жана регионалдык деңгээлдерде биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өз ара кызыкдар экенин тастыкташты.

Последние новости