www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Берлиндеги расмий иш сапарынын алкагында Саксония федералдык аймагынын Германия Федерациясындагы Туруктуу өкүлү Маркус Франке баштаган Саксония делегациясы менен жолугушту.
Жолугушууга немис тараптан мамлекеттик катчы, Бундесраттын аппаратынын жетекчиси Уте Реттлер, Түндүк Саксония округунун башчысы Кай Эмануэль жана башка расмий өкүлдөр катышты.
Ал эми кыргыз тараптан Төрага баштаган Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Советбек Рустамбек уулу, Азамат Исираилов, Илимбек Кубанычбеков, Таалайбек Сарыбашов, Эдита Тайгараева, Камила Талиева жана Эрулан Кокулов катышты.
Төрага Марлен Маматалиев расмий сапарынын алкагында Германиянын федералдык аймактары менен кызматташууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеп: «Калыптанган байланыштарды активдүү өнүктүрүп, конкреттүү биргелешкен долбоорлор менен толуктоо зарыл. Айрыкча Саксония федералдык аймагы өзүнүн күчтүү академиялык потенциалы менен өзгөчө кызыгууну жаратат. Аймакта Дрезден, Лейпциг, Хемниц университеттери жана Фрайберг тоо академиясы сыяктуу алдыңкы жогорку окуу жайлары жайгашкан. Ага ылайык биз билим берүү жаатында да өнөктөштүктү өрчүтүүгө кызыкдарбыз», – деп кошумчалады.
Муну менен катар аталган тармактагы алакаларды тереңдетүү боюнча бир топ демилгелерди көтөрүп, тагыраагы кыргызстандык 100 окуучуну окутууну, 100 мугалимдин квалификациясын жогорулатууну, Саксониянын жогорку технологиялык ишканаларында иштөө үчүн 100гө чейин квота бөлүүнү, ошондой эле жогоруда аты аталган университеттерде магистратура үчүн 100 орун берүүнү сунуштады.
Мындан тышкары Кыргызстанда инвестициялык климатты жакшыртуу жана чет элдик инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча ырааттуу чаралар көрүлүп жатканын белгилеген Марлен Маматалиев Саксониянын бизнес коомчулугун өлкөдөгү инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга катышууга чакырып өттү.
Алсак, эки жыл мурун Кыргызстандын Ысык-Көл облусу менен Саксония округунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлганын эске салган Төрага аны ишке ашыруу керектигине токтолуп, айрыкча тоо туризмин өнүктүрүү жаатында активдештирүү сунушун берди.
Өз кезегинде, Саксония федералдык аймагынын Берлиндеги өкүлү Маркус Франке Төрага Марлен Маматалиев баштаган кыргыз парламентинин делегациясы менен жолугуп жатканына кубанычта экенин белгилеп, Кыргызстан менен кызматташуу артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.
Ошондой эле ишкерлер жана маданият тармагынын өкүлдөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо башкы максаттардын бири экенин айткан Маркус Франке мындай мамилелер эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү кадам болорун баса белгиледи.
Андан сырткары Кыргызстан менен Германиянын шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштар бар экенин эске салып, бул багытта да кызматташтыкты алдыга жылдырууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары биргелешип иш алып барууга жана эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүгө кызыкдар экендигин ырасташты.