www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төмөндө эксперт Медербек Корганбаевдин  Кыргызстандагы курч делген маселелер тууралуу пикирин сиздерге сунуштайбыз.

Менин жеке оюм...

Азыр  Азаттык жүргүзгөн иликтөөлөрдүн сүрөтү түшүнүктүү боло баштады. Мен 2017-жылдагы президенттик шайлоодо Жээнбеков Сооронбай Шариповичтин кандидатурасын шайлоо кампаниясындагы каржылоо маселесин Азаттык үналгысы келечекте  көтөрүп чыгат деген ойдомун.

Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын  ким, кантип каржылаган, шайлоо учурунда Жээнбековго ким иштеген, азыркы президенттин президенттик кызматка жеңишке жетүүсү үчүн  ким, кандай роль ойногон?

Мындай материалдар Азаттык тарабынан даярдалып, жарыялана турган убактысын күтүп жаткан болушу мүмкүн.  Анткени Азаттык өзүнүн иликтөөлөрүндө Жээнбековдун официалдуу инаугурациясында отурган Хабибуло Абдукадырдын сүрөтүн жөн жерден жарыялабай жаткан чыгар. Абдукадырдын жана маркум Айеркен Саймаитинин фамилиясы бат-баттан биргеликте эскерилип жүрөт эмеспи.

Менин оюмча Азаттыктын милдети-Жээнбековдун президенттик кампаниясынын каржыланышы боюнча иликтөөсүн коомго тартуулоо жана Жээнбековдун шайлоо кампаниясы паракорчулук жана аткезчилик менен алектениши мүмкүн болгон адамдар тарабынан колдоп-кубатталып, каржыланган деген коомдук  пикирди Кыргызстан жарандарынын арасында жаратуу жана калыптандыруу.

Мындай маалымат берүү президент Жээнбековду өз жарандарынын алдында кыйын абалга салат. Азаттык үналгысы бул маалымат менен Жээнбековдун рейтингин түшүрүп, коомдо президентке каршы маанайды  жаратат.

Мындай пикир Азаттыктын  оюна келмек эмес, бул америкалык атайын кызматтардын классикалык операциясы.  Азаттыктын журналисттерин америкалык атайын кызматтар тымызын колдонушууда. ЦРУнун (Американын атайын маалымат жыйноо, анализдөө жана чалгындоо кызматы-ред.)  штаб-квартирасында отуруп алып, оюндун жүрүшүн керектүү багытка буруп турган кураторлору бар.

Америкалыктар жогорудагы маалымат согушун  бир гана максат үчүн уюштурушкан-АКШнын базасын Кыргызстанга киргизилиши үчүн Бишкектин макулдугун алуу.

АКШ менен Ирандын мамилесинин курчушу жана Кытайдын өнүгүүсүнө байланыштуу америкалыктар Борбордук Азияга кайтып келет.

Америкалыктар Жакынкы Чыгыш менен узак убакыт алектенишип жана Ирак, Сирияга, араб жазы уюмуна өтө көп  каражат сарпташты.

Бул учурда Кытай Борбордук Азия өлкөлөрүнө бекем жайгашып, аталган регионду экономикалык долбоорлор жана кредит аркылуу толук көзөмөлгө алууну пландоодо.

Ошондуктан, америкалыктар Борбордук Азияга кайтып келүүнү чечишти жана Кытайдын жолун тосуп, Иран менен согуш чыгып кетсе америкалык аскерлердин афган топторун күчөтүү үчүн даяр болууну көздөйт. ЦРУ (Американын маалымат жыйноо, анализдөө жана чалгындоо кызматы)-куурчак башкаруучулар, Азаттык үналгысы-керектүү мезгилде керектүү сөздү сүйлөөчү куурчак.

Бул тууралуу президент Жээнбеков өзү жана анын жанындагы гениалдуу кеңешчилери билеби деген суроо туулат. Жээнбековдун командасы кандай коргонууну жана кандай чараларды колдонот?

 

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости