www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Азаттык” радиосунун башчысы Айзада Касымалиева жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде алардын үстүнөн арыз түшпөгөнүн, түшсө, соттошууга даяр экенин билдирди. 

“Бизди сотко берүүгө анын акысы бар. Биздин жактоочулар кагаздарды карап чыгат”,-дейт Касымалиева. 
Касымалиева “Азаттык” радиосу буга чейин Ырыс Океновадан интервью алганга даяр экенин айтышканын эске салып, Ырыс Окенова аларга кайрылбагандыгын айтты. 

Анын айтымында,  сериалга кеткен каражат тууралуу так маалымат жок. КТРКнын администрациясынан долбоордун чыгымдары тууралуу “Азаттыкка” маалымат беришкен эмес. Ал эми,  250 миң доллар сумманы башка активисттер айтып чыкканын жана журналист материалды такталган маалымат деп чыгарбагандыгын айтты. “Азаттыктын” башчысы материалдын талаш-тартышынан улам бюджет тууралуу сабын тексттен алып салганын билдирди. 

Белгилей кетсек, жакында эле  “Акшоола” телесериалынын режиссеру Ырыс Окенова “Азаттык” радиосунан 5 миллион сом талап кылып сотко кайрылганы белгилүү болгон. Бул тууралуу режиссер жергиликтүү басылмалардын бирине айтып берген. 

Анын айтымында, жакында эле Бишкектин Ленин райондук соту анын доо арызына кошумча арыз кошкон. 

“Сериалдын бюджети тууралуу анык эмес маалымат тарагандан улам  КТРК жана жарнама компаниясы бизге акча төлөп берге жок. Мага кысым көрсөтүштү. Мен жумушсуз калдым. Сериалга кеткен чыгымдарды айтпай эле коеюн. Радионун журналисттери ала качуу эпизодуна жөн эле кара пиар кылып койбостон, алар жазган материалында “Акшоола” сериалына тартылган актерлордун намысына жана кадыр-баркына шек келтирди. Биз сериалды казак жана өзбек телеканалдарына  сатууну пландап жатканбыз. Бирок, бул ызы-чуудан кийин биздин өнөктөштөрүбүз контракт түзүүдөн баш тартты”, -деп Ырыс Окенова айтып берген. 

Эске салсак, Ырыс Окенова “Азаттык” радиосун “Акшоола” сериалына 250 миң доллар кетти деп маалымат чыгаргандыгы үчүн кечирим сурасын деп талап кылган. Ошондой эле режиссер ушул жылдын октябрь айында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна “Азаттыктын” үстүнөн арыз жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости