www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтылуу “Раим миллиондун” миллиондору тууралуу “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов иликтөөсүн жарыялаган соң коомчулук бир селт эте түшкөн эле. Бирок, “5-канал” телеканалынын журналисти Элнура Алканова “Азаттыктын” журналисттеринин Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткендиги жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу жүйөөлөрүн изилдеп чыккан репортажы андагы документтердин жасалма деп көрсөтүүдө.

“Азаттыктын” иликтөөсүндө Матраимовдордун башкармалыгындагы кайрымдуулук фондго 2015-2017-жылдар аралыгында 2,3 млн АКШ доллары которулган деп айтылат.

Алканова өзүнүн репортажында иликтөөнүн автору Али Токтакуновдун колуна тийген кээ бир документтердин анык экендигинде күмөн жаратып, жыйынтыгында “Азаттык»” “ишенимдүү эмес маалымат таратты” деп билдирди.

Мисалы, Айэркен Саймаитинин документтерде ар кандай кол тамга колдонгону башкы суроолордун бири болууда. Токтакуновдун айтуусу боюнча, Саймаити Кыргызстандан акчаларды чыгарып турган.

“Саймаити акчаларды сыртка которуп жатканда бир кол тамга турат, ал эми Түркиядан Матраимовдордун фондуна которуп жатканда такыр эле башка кол коюлуп турат”,- дейт ал.

Али Токтакунов өзүнүн иликтөөсүндө Кыргызстандан эң эле аз дегенде так 250 млн доллар которулганын жана анда тастыктоочу документтер бар экенин айткан. Ал акчаларды которууга Ошто жашаган Айэркен Саймаити деген бирөөнүн тиешеси бар экенин кошумчалаган.

Тастыкталган 250 млн доллардын ичинен 125 миллиону чет өлкөгө “Абдыраз” компаниясы аркылуу чыгарылган. Ал эми Саймаити бул компаниянын ээлеринин бири болгон. Ал Кыргызстандагы Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна 2,3 млн доллар которгон.

Алканова «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кол тамганы кесип алып, интернетте “Яндекс. Фото” сервиси (Балким Алканова «Яндекс. Картинки» сервисин айтып жатат) аркылуу так эле ошондой кол тамганы тапканын билдирүүдө.

Анын айтымында, бул АКШнын Флоридасындагы жолбун иттер үчүн баш калкалоочу ишкананын сайтына алып барат. Кол тамга ишкананын аткаруучу директору катары көрсөтүлгөн Адам Стэнфилд аттуу бирөөгө таандык болуп чыккан.

Булак: «Майдан.kg»

Последние новости