www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кымбаттуу биздин элдин эгеси Сооронбай Шарипович. Сизге атайын айта турган сөзум бар, эгер уксаңыз. Чынын айтканда сиз мамлекет башчысы болуп, өлкө сызга олтурган кезде келдиңиз. Бирок, сиздин ар бир кыймылыңыздан кыйкым издегендер бар экенин жашырып да болбойт. Кыскасы, сөздү чойбой негизги сөзгө өтөйүн.
“Вазир жакшы хан жакшы, аял жакшы эр жакшы” деп айтылган сөз жөн жерден айтылып калган эмес. Эгер, сиз мурдагы президенттердин изине түшпөйм десениз, кадр тандоо жагына көңүл бурсаңыз жакшы болмок эле.
Анткени, азыркы өкмөт мүчөлөрү мугалимден тил уккан окуучудай дайыма эле депуттардын таландысында калып, эки алган окуучудай Жогорку Кеңештен баштары шылкыйып кеткен адатка айланды. Чындап караганда, министрлер тобу ишти так анан туура алып барышканда, кыйын болгон депуттарды өйдө каратышпайт эле. Кээде теледен депуттардын берген суроосуна жооп бере абай, тантыраган министирлерди көрүп алып эле сизди аяп кетем. Анткени алар сиздин ишке, сиз башкарган өлкөгө көлөкө түшүрүп, элдин өкмөткө карата болгон ишенимине бут тосуп жатканы экенин ким билбейт.
Ооба, мен сизге акыл айткандан алысмын, жөн гана иштин көзүн билген кадрлар ишке келсе, сиз башкарып турган кезде өлкөнүн экономикасы өсөбү деген гана ой. Азыр жашоодон чарчап, тапкан акчалары эч нерсеге жетпей, өз өлкөсүнө батпай, башка өлкөгө чыгып кеткиси келген жарандардын саны арбын.
Албетте, буга дагы элдин өкмөт мүчөлөрүнө ишенбей калганы себеп экени белгилүү маселе. Ишенсеңиз, эл бир гана сизге ишенип, сизди гана караан тутуп турган кези. Анткени, кызматты сатып алган чиновниктерден элдин эчак үмүттөрү үзүлгөн. Сизге караан болгон, таза иштеген, тектүү жердин тукумдары ишке келсе анда, байлык кубалабай, элдин камын ойлошот эле?
Азыркы чиновниктер сабатсыз, билими тайкы, өз гана кызыкчылыктарын ойлогон жандар экени алардын кылган иштери эле айгинелеп, элди да ирээнжитип жатканы карандай чындык экенин жашырууга болбойт.
Элдин үнүн сизге жеткирген Б.Бийназаров
Булак: NazarNews.kg