www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

—Азимбек Анаркулович, экс-президент Адмазбек Атамбаев сизди кадимки тарп аңдыган кузгун-жоруларга салыштырды, кандай жооп бересиз?
—Ал мурда дагы муну көп жолу айткан, мен ага теңелип унчуккан эмесмин. Биринчиси, кыргызда: «Күкүк өз атын өзү айтат» деген сөз бар, аны билесиңер. Экинчиси, Атамбаев айткан эгемен доорундагы тарыхый окуяларда (Аксы, Апрель, Июнь окуялары) мен Түндүк-Түштүк дебей элдин башында жүргөнүм чын, Атамбаевге окшоп үйүмдө бекинип жатпагам. Үчүнчүсү, Атамбаев 7 жыл бою эки революцияны мен жасагам деп тарыхты бурмалап келди. Азыр эки революцияда төгүлгөн канга мени күнөөлөп, ал эми жеңишти өзүнө ыйгаргысы келип жатат, бул соо адамдын логикасына туура келеби? Төртүнчүсү, бүркүт көздегөн олжосун ыргыта тебет да, андан ары учуп кете берет. Артынан ээрчип жүргөн карга-кузгун анын олжосун талап жейт.

Эми карагыла, 2005-жылы март революциясынан кийин мени 5 ай 19 күндө Башкы прокурорлуктан кетиришип, Акаевден калган бийлик менен байлыкты Ба-киев ага-ини балдары менен талады. 2010-жылы Апрель революциясынан кийин Бакиевден калган сарпынды бийлиги менен байлыгын Атамбаев шопуру, жансакчысы, катчылары менен талап алды. Мен Атамбаев м-нен бир күн да иштебедим, Бакиевден калган байлык менен бийлигин талаган жокмун. Атамбаев азыр да кузгундай болуп байлык менен бийлигин мураскоруна бергиси келбей, чыр салып отурат. Эми ким бүркүт да, ким кузгун экенин жалпы калайык калк өзү таразага салып.талдап алсын.

Булак: "Де-Факто"
 

Последние новости