www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Курултайды ортомчулук кылган институт катары туура эмес көрсөтүп, президенттин атын сатып, көнгөн ыкмаларына өтүштү», - деди бүгүн, 19-майда, NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

- Азимбек Анаркулович, соцтармактарда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде, президент тарабынан демилгеленген Элдик курултай жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын долбоору каралганы боюнча маалымат чыгып, коомчулукта ал кызуу талкуу жаратты.

Комитеттин мүчөлөрү менен мыйзам долбоорун даярдаган жумуш тобунун мүчөлөрүнүн кайым айтышуусу ал талкууну андан бетер кызытты. Кыргызстандын эгемендик доорунда элдик курултайды эң көп уюштурган, элдик курултай институтун Конституцияга өзүнчө берене кылып киргизген, элдик демилге менен мыйзам долбоорун даярдап, аны Жогорку Кеңештен өткөрө албай келген инсан катары айтыңызчы, Элдик курултай институту Кыргызстанга керекпи? Керек болсо эмне үчүн керек?

- Ооба, социалдык тармактардагы көрүнүштү көрдүм! Бул нормалдуу эле көрүнүш, мыйзам долбоору ошентип талкууланып өткөнү жакшы. Бирок Элдик курултай институтуна кайдыгер эмес инсан катары мени кыжаалат кылганы мыйзам даярдагандардын комитеттеги көрүнүшү, айрыкча өздөрү даярдаган мыйзам долбоору боюнча, депутаттын элементардык суроолоруна эптеп жооп бере албаганы өкүндүрдү. Анан «бул бийлик менен эл ортосундагы көпүрө…» деп курултайды ортомчулук кылган институт катары туура эмес көрсөтүп, «президент тарабынан демилгеленип жатат» - дешип, президенттин атын сатып, көнгөн ыкмаларына өткөнү да өкүнүчтүү.

Ошондон кийин мыйзам долбоорун интернеттен таап окудум, мындай жазылган мыйзам менен бекитилген элдик курултайдын Кыргызстанга кереги жок. Бул жумуш тобу президентти эле эмес, улуттук демократиябызды чагылдырган элдик курултайдын өзүнүн да ашмалтайын чыгарыптыр.

- Кантип?

-  Элдик курултай институту «көпүрө эмес», ал элдин Конституцияда бекитилген, республикалык жана жергиликтүү маанидеги бийликтин чечимдерин талкуулого жана кабыл алууга катышууга, мамлекеттик жана коомдук маанилүү маселелер боюнча өз пикирин түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу айтууга укуктуу экендигин ишке ашыруучу ата-бабалардан бери келе жаткан ийри олтуруп, түз кеңешип чечим алуучу аянтча болот.

Бирок Элдик курултайдын бул улуттук демократиянын туу чокусу болгон улуу касиетин азыркы Конституциянын долбоорун жазгандар жокко чыгарып, президенттин алдындагы дагы бир «дүжүр» институтка айлантып салышкан.

Эми болсо «Конституцияга ылайык» дешип, курултайды «дүжүр курултайга» айлантуу саясатын Конституциялык мыйзам менен бекемдеп жатышат. Ошентип курултай институту жаңы Конституцияга киргизилип жатканда эле ара төрөлүп, өз ордуна олтурбай калган.

Бул тууралуу мен нечен жолу жаздым, айттым. Бирок Конституцияны жазгандар мени уккан эмес. Алар айткан - конституциялык мыйзам менен толуктайбыз, оңдойбуз деп. Эми мыйзамын көрүп, байкуш кыргыз, шоруң алдыда окшойт дейсиң!

Элдик курултай менин түшүнүгүмдө мамлекеттик бийликтин эл алдындагы отчеттуулугун, элдин республикалык жана жергиликтүү маанидеги коомдук жана мамлекеттик иштерге түздөн-түз же өзүнүн өкүлдөрү аркылуу катышуусун камсыз кылуучу демократиялык институттардын бири.

Мисалы, азыркы Конституция боюнча «эгемендиктин ээси»… «мамлекеттик бийликтин бирден-бир булагы» болгон Кыргызстандын жарандары бул конституциялык укугун Конституциянын 2-беренесинин 3-пунктуна ылайык, «түздөн-түз шайлоодо жана референдумдарда, ошондой эле, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана КРнын мыйзамдарынын негизинде жүзөгө ашырат» - деп бекитилген.

Мен сунуш кылгам: «Ушул жерге эле «референдумдарда» деген сөздөн кийин «элдик курултайлар менен» деген сөздү кошуп, 5-пункттагы «...референдумдарга коюлушу» дегенден кийин «жана элдик курултайда талкууланышы мүмкүн» деген сөздөр менен эле Элдик курултай Конституцияга кирсе өз ордун табат», - деп.

Анткени, Элдик курултай институту илгертеден элдин үнү угулуучу жыйын, ага жер-жерлердеги элдин өкүлдөрү, маанилүү маселени көтөрүү үчүн келип, аны талкуулап, кеңешип, эл башындагылардын отчетун угуп, аны талдап, аша чапкандарын тизгиндеп, керек болсо отчётун алып, өзү шайлаган адамын кайра чакырып алуу, бийликке багыт берүүчү институт болгон.

Эгемендиктин 32 жылдык доорунда элибиз өз бийлигин: президентти, депутаттарды шайлап, алар сунуштаган Конституция, мыйзамдарды референдумдарда кабыл алып, талкууга катышып жүргүзүп келди, бирок өзү шайлаган президентинин, депутаттарынын аткарган иши, референдумдарда кабыл алган Конституциянын президенттердин өзү тарабынан бузулуп жатканы боюнча ар жылдык отчетун алып, баа беришкен жок.

Элдин андай укугун ишке ашыруучу укуктук механизм жок болду. Ошон үчүн өзү билип, үй-бүлөсү менен өлкөнү, элди башкарган бир нече президентибизди көчө демократиясын колдонуп, өлкөдөн кууп салышты. Мунун жаман, жакшы жактары болуп, түпкүлүгүндө бул жолдун жаман жагы көп экени билинип калды. Ошон үчүн көчө демократиясынын ордуна, курултай институтунун зарылдыгы пайда болгон.

«Демократиядагы бийликтин эл алдындагы отчеттуулугун камсыз кылуучу институт - бул Элдик курултай болушу керек» - деп ондогон жылдан бери айтып, суранып келдик. Азыркы президентибиз аны колдоду, нечен жолу айтты «мен жыл сайын элдик курултайда элге отчет берем» - деп.

Бирок ошол отчет берилип, элдин баасы бериле турган институтту, мыйзам долбоорун даярдагандар, президенттин айткандарын так жазбай, адаттарынча «отчетту эмне кыласыз, кайрылуу эле кыласыз» дешип, эми Элдик Курултай жөнүндөгү мыйзам менен Курултайдын өзүн президенттин алдындагы дагы бир дүжүр институту кылып салышыптыр.

Экинчиден, мыйзам долбоорун даярдашкан юристердин кесипкөйлүгүнө, билимине шек келтире албайм. Алды илимдин академиги, арты эмгек сиңирген юристер. Бирок аларды мен канчалык сыйлабайын, аларда саясый эрк, позиция жок. Алар бийликке гана кызмат кылууну, жагынууну мыкты өздөштүргөн адистер. Эми ошолордун парламентте тизилип олтурганы да суроо жаратат.

Мен Чолпонбек Абыкеевге телефон чалып айттым: «Тиги өмүр бою элдик курултайга каршы жүргөндөрдү кайдан таап алгансың? Алардын ордуна элдик курултайды түшүнгөн Баяс Туралды, Дастан Сарыгуловду, Айбек Бусурманкуловду, Эмилбек Каптагаевди жана башкаларды, же жок дегенде мурда элдик демилге менен мыйзам долбоорун жазган, кол топтогон, курултай өткөрүп жүргөн өзүбүздүн активисттерди, болбой баратса бизди колдогон экс-депуттар К.Бокоев менен К.Иманалиевди кошпойсуңбу?» - деп.

Мен муну эмне үчүн айтып жатам? Элдик курултай институтун Конституцияга киргизүү, курултайларда бийликтин эл алдындагы отчеттуулугун камсыз кылуу, элдин бүйүрүн кызыткан маселелердин курултайга чыгарылып каралышы президентибиздин негизги Конституциялык реформаларынын өзөгүн түзгөн. Иш жүзүндө минтип тамтыгы кетип жатат!

- Кандайча тамтыгы кеткен?

- Биринчиден, мыйзам долбоорунун сапатын айтып болбойт, кыргызча текстин түшүнүп болбойт, эртең Мадумаровдун тепкисинде калат.

Экинчиден, мыйзамдын конструкциясы бузулган. 2-беренеде Курултайды жамааттык жана Элдик курултай деп бөлүшкөн. Бирок 3-беренедеги түшүндүрмөдө Элдик курултай эмне, жамааттык курултай деген эмне - түшүндүрмө-аныктама берилбеген. Анан эле жергиликтүү курултай деген пайда болуп, ага түшүндүрмө берилген. 4-беренеде Элдик курултайга аныктама берген да, бирок жыйын деген конституциялык түшүнүк «чогулушка» алмаштырылып калган. Ошол беренеде: «Элдик курултайдын делегаты үч жылдык мөөнөткө шайланат» деп туруктуу иштей турган мамлекеттик органга шайланып жаткандай жазылган. Делегат ар бир чакырылган Элдик курултай сайын жаңыдан шайланыш керек.

Эң башкысы - Элдик Курултайды кимдер демилгелейт? Мыйзамдын бир дагы беренесинде жок! Анан кайра 5-берене жергиликтүү курултайларга өтүп кетет, кайра «2-глава. Жергиликтүү курултай» деп башынан башталат. Бул глава илгерки Акаевдин мезгилиндеги жергиликтүү курултайлар жөнүндөгү анын жарлыгы менен бекитилген жободон көчүрүлгөн. Муну М.Укушев киргизсе керек. Жергиликтүү курултайды ким демилгелейт, башка ченемдер ошол бойдон көчүрүлүптүр. Жаман эмес.

Ушундай эле ченемдер мыйзам долбоордун 3-главасында эми «КРнын Элдик курултайы» - деп кайра жазылган, бирок кимдердин демилгеси менен республикалык Элдик курултай чакырылат, жергиликтүү курултайдыкындай ачык жазылган эмес, таптакыр жазылбаган. Бул эң башкы кечирилгис катачылык, булар жазылбаса Элдик курултай мыйзамынын кимге кереги бар?

Мисалы, кайсы бир демилгечи топ «казино, кумар оюндарын Кыргызстанда ачуунун зарылчылыгы барбы?» - деген маселени Элдик курултайга чыгарса эмне үчүн болбосун? Экинчи чоң катачылык - Элдик курултайдын туруктуу, айлык алган органдарынын болушу. Бул илгери Акаевдин заманындагы 1994-1995-жылдардагы  Медеткан Шеримкулов башкарган президиумга окшош экен, иштебесе да айлык алган. Элдик курултайдын аткаруучу органы курултайлар аралыгында гана шайланган жумуш органы болуп, эч бир жерден айлык албашы керек.

Алар курултай мыйзамдуу демилгеленгенден кийин аны уюштурууга кете турган чыгымды гана мамлекеттен алуу керек. Болбосо ал дүжүр орган, уюштурганы дүжүр курултай болот!

Үчүнчү чоң катачылык Элдик курултайдын ыйгарым укуктары делинген 15-берене бар. Элдик курултайдын ыйгарым укугу болбош керек! Анын чечим алуудагы гана укуктары, кабыл алынган чечимдердин кандай тартипте аткарылышы боюнча ченемдер так жазылышы керек.

Курултайга чыгарыла турган дагы бир кемчилик: Элдик курултайга коюла турган, карала турган маселелердин так тизмеги мыйзамда аныкталып, ал төмөндөн көтөрүлүшү керек.

Ошол тизмектеги маселелер пайда болгондо мыйзамда аныкталган курултай чакырууга укуктуулар (курултай чакырууга укуктуу субъектилер) элдик курултай чакыруу демилгесин көтөрөт жана ошого жараша жергиликтүү курултайларда компетенттүү делегаттар республикалык элдик курултайга шайланышы керек.

- Эмне үчүн 2010-жылкы Конституцияга элдик курултай институту киргизилип, аны уюштуруу, каралуучу маселелердин тизмеги мыйзам менен аныкталат десе да 10 жыл бою мыйзамы алынбаган?

- Ооба, 2010-жылдагы Конституция боюнча Элдик курултай жарандардын укугу катары Адам укуктары менен эркиндиктери деген бөлүмдө 52-берене туура киргизилген.

Азыркы Конституцияда конституциялык түзүлүштүн саясый негизине киргизилип, мамлекеттик органдай болуп калды. Ордун тапкан жок дегеним ошол. Ошон үчүн бир топ жаш саясатчылар Жогорку Кеңеш турса, элдик курултай институтунун эмне кереги бар дешип түшүнө беришпейт.

Элдик курултай эч бир бийлик бутагына кирбеген, акча алып иштебеген, эч бир мамлекеттик органдын ишин кайталабаган, болгону жарандардын бийликти көзөмөл кылуучу укугун ишке ашыруучу аянтчасы катары баарынан бийик турган мезгил-мезгили менен мыйзамда аныкталган тартипте, конкреттүү маселелер боюнча мыйзамда так аныкталган демилгечи - субъектилер тарабынан чакырылып, негизинен эң жогорку мамлекеттик бийликтин ишине анын ичинде өздөрү шайлаган Жогорку Кеңеш менен президенттин ишине баа бере турган өкүлчүлүктүү эч кимге көз карандысыз жыйын болушу керек. 10 жыл бою Элдик курултай мыйзамы алынбаганы депутаттардын көпчүлүгү курултайчылар алардын ишин талашып жаткандай түшүнүшкөн.

Экинчиден, депутаттар курултайда элден баа алгандан коркушат. Үчүнчүдөн, улуттук демократияны түшүнбөгөн, батыштын демократиясын жактагандар каршы болушат. Төртүнчүдөн, курултай, батыштын митингине конкурент институт, ошон үчүн көпчүлүк жаңы «демократтарыбыз» эски курултайчы «демократтарга» каршы.

Бирок биз Кыргызстандын жараны катары курултай өткөрүү боюнча конституциялык укугубузду пайдаланып курултай өткөрүп жүрдүк.

Мисалы, Атамбаевдин мезгилинде Бишкектеги спорт сарайында, Жалал-Абад шаарында, кийин 2018-жылы биз өткөргөн акыркы бириккен саясий күчтөрдүн курултайы эң жогорку деңгээлде өткөн. Анда күн тартибинде Атамбаевдин 6 жылдык, Жээнбековдун 1 жылдык ишине 6-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишине баа берилип, саясий өңүттөн камалышкан адамдардын тизмеги аныкталып, эсиңерде бардыр азыркы президент, ошондогу соттолгон С.Жапаров жана башка саясий туткун деп таанылып, булардын кылмыш иштерин оңдоп каратуу президент С.Жээнбековго сунуш кылынган. Президенттин администрациясынан, Жогорку Кеңештен депутаттары катышкан. Жыйынтыгы да жаман болгон эмес. 

Азыркы Конституцияда Элдик курултай өткөрүү жарандардын укугу эмес, президенттин алдындагы орду жок бир жыйын, себеби ким аны демилгелейт - Конституцияда да, эми мыйзамында да эч жерде жазылбады! Курултай элдин укуктук маданиятын өстүрөт, жаңылайт, батыштан каржыланып, үйрөтүлүп жаткан лобби митинг, пикет, түстүү революцияларды өткөрүүнү азайтат. Бардык маселе кайсы бир деңгээлде тартиптүү, кыргыздын каада-салтына ылайык ортого салынып, кеңешилип чечилет, анан бийликке аткаруу үчүн сунушталат.

- Кечээ депутат Сатыбалдиевдин эмне үчүн курултайды жергиликтүү, элдик кылып бөлдүңөр деген суроосуна эч ким жарытылуу жооп бере албады?

- Жооп берилди, бирок так эмес. Бизде Конституцияга ылайык мамлекеттик бийлик жана өз алдынча башкаруу бийлиги бар. Өзү логика боюнча: «жогорку мамлекеттик бийликтин ишине республикалык (улуттук) Элдик курултайда, жергиликтүү пробламаларга, өз алдынча башкаруунун ишине жергиликтүү курултайларда баа берилет, ошон үчүн Элдик курултайды жергиликтүү жана республикалык (улуттук) элдик курултай деп экиге бөлдүк», - деп юристер так жооп берсе болмок. Конституцияда «областык, райондук прокурорлор» деген термин жок да, алар мыйзам менен уюштурулат .

- Эми эмне кылуу керек?

- Конституцияга ылайык ,президент Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизди. Эми Жогорку Кеңештин эки жолу бар: Биринчиси, мыйзам долбоорун үч окууда кемчиликтерин толуктап, каталарын оңдоп, автордун макулдугу менен жаңы статьяларды кошуп, өзгөртүп кабыл алса, бул мамлекетчил позиция болот. Экинчи жолу - мыйзам долбоордун чийкилигин эске алып, артка «тээп» жиберүү. Бул саясый жол.

Үчүнчү жолу президент менен Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жаңы атайын комиссия түзүү. Бул конструктивдүү жол. Бул жолдордон трагедия же саясат кылбоо керек.

Бул нормалдуу процесс. Тескерисинче, эптеп-септеп депутаттардын колу-бутун кайрып, мындай өтө маанилүү мыйзамды сунушталган вариантта кабыл алуу келечекте чоң трагедияга алып келиши мүмкүн.

Себеби, кыргыздар курултай өткөрүп келген, дагы деле өткөрө беришет. Бийлик «мыйзам жок, өткөрбөйсүңөр» деп келген, эми «курултай чакырууга өткөрүүгө укугуң жок» - деген куугунтукту башташы мүмкүн. Анда эл аргасыз көнгөн көчө демократиясын пайдаланып, митингдерге, түстүү революцияларга барат!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости