www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттерге Перс булуңу менен Түштүк-Чыгыш Азияга жүк жеткирүү үчүн өзүнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн сунуштоого даяр. Бул тууралуу Челябинск облусунун губернатору Алексей Текслер ШКУ мамлекеттеринин аймак башчыларынын Ташкенттеги форумунда билдиргенин Sputnik Өзбекстан жазды.

"Россиянын аймактары Перс булуңуна, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азияга (биринчи кезекте сентябрда ШКУга мүчө боло турган Иранга), Индия менен Пакистанга жүк ташуу үчүн өзүнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн сунуштай алат", — деди Текслер.

Ал Батыштын порттору жабык турган кезде бул кызматташуунун эң маанилүү багыты экенин белгилеп, ШКУ мамлекеттеринин аймагында бирдиктүү логистикалык хабдардын порталын түзүүнү сунуштады. Анда колдонуу шарттары менен тарифтер тууралуу маалымат чагылдырылып турмакчы. Текслердин айтымында, Челябинск облусу мындай порталды түзүү милдетин мойнуна ала алат. Ушундай эле ресурс бизнесмендерге дагы керек экени айтылды.

ШКУ мамлекеттериндеги аймактардын жетекчилеринин Ташкенттеги эки күндүк форуму бүгүн, 3-августта, башталды. Иш-чарада 50дөн ашык спикер сүйлөйт (аймактардын башчылары жана Россия, Кытай, Индия, Пакистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан делегацияларынын жетекчилери).

Форум аймактар аралык соода-экономикалык, инвестициялык, маданий-гуманитардык жана башка приоритеттүү багыттар боюнча кызматташууну тереңдетүүгө багытталган.

Чынайм Кутманалиева, NazarNews.kg

Последние новости