www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-январда өткөн басма сөз жыйынында Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров президент Сооронбай Жээнбеков алар менен кызматташып жатканын билдирди.

Ал буга чейинки өлкө башчылар башкалардын ою менен эсептешпей келгенин айтып, элчилик кызматка барууга эмне үчүн макул болгонун түшүндүрүп өттү.

“Президенттин сунушун кабыл алууга эки себеп болду. Ал «үй-бүлөлүк башкарууну сындырам» деп жатат. Мындан тышкары ал Кудайдан коркот. Экинчиден, саясаттан алыстап элчи болоюн дедим. Бирок саясаттан таптакыр кетпейм”, - деди Бекназаров.

Элчи Сооронбай Жээнбеков авторитардык бийликке каршы чоң иштерди жасады деп эсептей турганын кошумчалады.

Бекназаров былтыр 26-декабрда Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укутуу элчиси болуп дайындалган. Аны бул кызматка өзү сунуштаганын президент Жээнбеков журналисттер үчүн уюштурган акыркы пресс-конференциясында айткан.  

Элчи буга чейин баш прокурор, Жогорку Кеңештин депутаты, Убактылуу Өкмөттө вице-премьер-министр болуп иштеген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости