www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш жыл бою бир гана бышырылган күрүч жана калемпир менен тамактанган 24 жаштагы студент кыз У Хуаянь каза болду. Ал Кытайдын Гуйчжоу провинциясында жашачу.

Кыздын апасы ал төрт жашында каза болсо атасы 2015-жылы боордун циррозунан көз жумган. Ата-энесинен ажыраган У Хуаянь жалгыз иниси менен чоң энесинин үйүндө жашаган. Иниси дагы туубаса оорудан жабыр тартып келгендигине байланыштуу каражаттын бардыгы аны дарылоого кетчү. Ал экөө жетим калгандыгына байланыштуу жергиликтүү бийлик айына 500-700 юань (4,5 миң сом) төлөп турушкан. Андан сырткары студент кыз окуга колледжинде майда-барат иштерди кылып 600 юань (5 миң сом) тапчу.

У Хуаянь инисин дарылатуу үчүн акчаны үнөмдөп, күнүнө 17 сомго гана тамактанчу. Анын күнүмдүк азыгына күрүч жана чили калемпири гана кирген. Ошондон улам 2019-жылдын октябрь айында ал кыздын ден-соолугунда мүчүлүштүктөр болуп, оорулардын белгилери пайда болгон. Ошондон кийин аны жакшы таанып билгендер журналисттердин жардамы менен кайрымдуулук акциясын уюштуруп, андан 8,5 миллион сом чогултушкан. Бирок кыздын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости