www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун иши ачылган жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карала турган болду. Бул тууралуу анын адвокаты Валерьян Вахитов билдирди.
Жогорку Сот Аскаровдун ишин 25-февралга белгилеген. “Ал өзүн күнөлүү деп эсептебейт. Кыргызстан эл аралык милдеттерин аткарышы керек. Бул БУУнун адам укугун коргоо комитетинин сунушу тууралуу болуп жатат. Андан сырткары, биз Азимжан Аскаровдун камакка коюлган үйү тууралуу чечимдин кайра кайтарылуусун талап кылабыз”,- дейт адвокат Вахитов.
Андан сырткары, ал Азимжан Аскаров акыйкатчыга өзүнчө кайрылуу жасагандыгын айтып, ага карата чыккан чечим мыйзамсыз жана аны жокко чыгаруу керектигин кошумчалады.
Эске салсак, Аскаров 2010-жылдагы Ош, Жалал-Абад облустарындагы окуяда улут аралык мамилени козутуу жана адам өлтүрүү беренелери боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган.
Булак: NazarNews.kg