www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Арак ичкен адамдын баштары катуу иштесе керек. Аскар Акаевдин учурунда парламентти эч кимге бербей башкарган алкоголизмдин синдромдоруна чыланган Бөрүбаев деген бар болчу. 2005-жылдагы парламентке мөөрөй талашууда Таластан муну маркум Болот Шерниязов «сындырып» кеткен. Алкаш болсо да колдоп, көз салып жүргөн «шефи» Аскар Акаев 2005 жылы президенттиктен кеткен соң, парламентке өтпөй талаада калган спикер биротоло талаада калат. Арактан башы чыкпай калган ал биротоло аракка ооп кеткен. Арактан колу бошогондо илимий эмгектер менен алек болот. Алкаш Алтай Бөрүбаевдин «Мейкиндиктеги алкоголизмдин синдрому менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» эмес, «Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети» аттуу математикалык изилдөөсү илимий ачылыш катары таанылды. Алкоголизмдин синдромдоруна чыланган Бөрүбаев кесиптештери менен талкуудан кийин бул илимий ишин Илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын авторлорунун эл аралык академиясына жөнөткөн.

"Кесиптештерим менен акылдашып, өзүмдүн илимий эмгегимди Эл аралык илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын академиясына жөнөткөм. Алар топология илими өнүккөн Италия, Чехия жана Кытай Эл Республикасында бир жыл экспертизадан өткөрүп, жыйынтыгында жаңы ачылыш деп каттады. Бул жөнүндө кабарды өзүм жакында уктум", - дейт аракеч экс-спикер Бөрүбаев.

Буга чейин Алтай Бөрүбаевдин эки ачылышы эл аралык деңгээлде бааланган. Биринчи "Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө" ачылышы Москва мамлекеттик университетинин сунушу менен Москва обсерваториясы жылдыздардын бирине "Алтай" ысымын берген.

"2013-жылы экинчи ачылышымды жасадым. Ал компакттык типтүү кеңейтүүлөрдүн алгоритминин конструкциясын түзүү жөнүндө маселе. Бул маселе боюнча жаңы ыкма таап, ошол ыкманын негизинде компакт тибиндеги бардык кеңейтүүлөрдүн конструкциясын бергем. Муну Оксфорд университетинин окумуштуулары, математиктери баалап, “Илимдеги ысым” алтын медалын жана тиешелүү сертификатты тапшырган", - деп билдирген Алкоголизмдин синдромдоруна чыланган Алтай Бөрүбаев.

Алкаш экс-спикер Алтай Бөрүбаев — Оксфорд университетиндеги дүйнөлүк окумуштуулардын реестрине кирген Борбор Азиядагы биринчи адам.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg 

Последние новости