www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
18-ноябрда Түндүк Корея Хвасон-17 континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурган. Аталган өлкөнүн лидери Ким Чен Ын ракетаны сыноо учурунда биринчи жолу кызын дүйнөгө көрсөттү. Бул тууралуу Рейтер агенттиги билдирди.
КЭДР лидери менен бирге анын жубайы Ри Сол Жу, кызы (аты аталбаган), эжеси Ким Йе Чон, ошондой эле аскер жана партия лидерлери ракета сыноолоруна байкоо салышты.
ЦТАК мамлекеттик агенттиги жарыялаган бир катар сүрөттөрдө кызы экөө кол кармашып, өлкөдөгү эң чоң баллистикалык ракетанын учурулган карап жатышканын көрүүгө болот.
Рейтер агенттиги Ким Чен Ындын кызынын бар экендиги эч качан ачык тастыктала электигин белгилейт.
Эксперттер Ким Чен Ындын үч баласы, эки кыз жана бир уулу бар деп эсептешет. Айрым серепчилер сентябрда улуттук майрамды белгилөө учурунда тартылган кадрлардан бир баласы көрүнгөнүн болжошкон.
Булак: NazarNews.kg