www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов менен Жапаров биринчи ирет кармашкан жок. Алгач 2005 –жылы депутаттык мандат талашууда кармашкан. Ал кезде апчеси жездеси Акаев менен качып, арга жок 2005-жылдын 24 мартында «эми мага телефон чалба» деп Айдар Акаевди «ойнотуп» кеткен Бабанов Жапаровду ыйлатып депутаттыкка кандосу Рахат Ирсалиевди алып келет. Экинчи  ирет тайм-аут алган Жапаров 2009-жылы Бабановду «чычырып» биринчи вице-премьерлик ордун тартып алат. Жапаров алыска узаган жок 2010-жылы Таласта жоолук салынып алып качып, бийлигинен кол жууду. Бабановго бийликти алмаштыралы деп Шерниязов акеси келсе макул болбой койот. Бирок бийлик алмашкан соң Шерниязовдон мурун Бабанов жетип барып, өкмөт башчысына жеткен. Бабанов кайрадан жеңишке жетет. Ошентип жүрүп 2020-жылы бийлик алмашканда Жапаров Жапаровдун кеңешчиси болуп сайрандап кетет. Жапаров Жапаровду бошотоордо пайда болуп үчүнчү ирет финансы министри, андан кийин экинчи ирет өкмөт башына келип, Бабановдун «көчүгүнө суу куя» баштайт. Бабановго кайдан жан киргенин билбейм «Фрунзени» көздөй баштаптыр. Угушумча Кочкордогу «Фрунзе» супермаркетине Акылбек Жапаров ээлик кылса керек. Анысын уруп ойнойбу Бабанов  ээлик кылган "Фрунзени» «Азия» деп өзгөртө баштады?

Бабановдун оюу Атамбаевден бери президент болуу, арийне, биринчи жолу Жээнбековдон жеңилүү ызасын тартып, Москвага чейин куулуп келсе, экинчи жолу 2020-жылдын 9-октябрындагы Бабановдун тойпоңдогуна карабай Жапаров президенттикке келген. Саясатта жылдызы жарк этип жанып, бирок, саясий эрки боштугунан жалп этип өчүп, учурда суудан тайыз, чөптөн жапыз, үн чыгаргандан чочуп, өз көлөкөсүнөн өзү коркуп жүргөн Өмүрбек Бабанов "Фрунзе" соода маркасы менен таанылган, гипермаркеттерди сатып алганы айтылды. Учурда, "Фрунзенин" баарын "Азия" кылып өзгөртө баштады.

Бийликтен кысым көрүп башына иш түшкөндө эле, "саясаттан кеттим" деп ойт берип, анан ыңгайлуу учурда "элим суранып жатпайбы, мамлекеттин тагдырына кайдыгер болуп четте карап тура албадым" деп пайда боло калчу Бабанов, бул жолу чындап  саясаттан кетип бизнеске баш-оту менен киришкендей түр көрсөтүп жаткан кези. Сыягы, эки дос жүрөгүнүн суусун чындап алып койгон көрүнөт. Камалып кусуп чыккан соң, калган байлыгымды дагы тарттырып жибербейин деп "куйругун чатына кысты" көрүнөт. Болбосо, дагы да болсо ич күптүүсүн ичине катып, тилин тишине басып, ыңгайлуу учурду күтүп араң жүрөбү? Ишенип болбойт...

 Айдар Акаевди «ойнотуп» кеткен Бабанов чал-Акаевге ыктай баштаптыр. Деги  анын мурункудай кадыр-баркы барбы же акчасын алгандардын жомогубу? УКМК камагында эки айдай жатып, 100 миллион сом “кусуп” чыккан Өмүрбек Бабанов дүркүрөгөн бизнеси менен алек. Иши жакшы эле жүрүшүп атат. Акча айландыруунун “атасын таанынат” эмеспи. Ал учурда саясатка да анализ жасап, өзгөрүүлөрдү күтүп аткандай. “Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” касиети бар эмеспи. Бекеринен Бабановдун саясатка кайра кайтып келишин жакын санаалаштары болжоп жатышпаса керек.

Камалып жатканда Бабанов 2015-жылы сатып кеткен досу Ташиевге киши салып жатат деген сөз тараган. Жөн киши салмак беле Ташиевдин өкүл атасы Талгарбековду же өкүл баласы Шакиевди салат да. Бирок алар Бабанов бере турган миллиондорго кызыгып ортого түшпөйбүз деп жатышкан. Ким ортого түшкөнү белгисиз, жөн турган Бабанов ооруп онтоп, чет мамлекетке дарыланганы кеткен. Бабанов Орусияны көздөй биринчи ирет дыргаяктап качкан жок. Ал жакшы көрүп, дайыма шайлоолордо экинчи орунда келаткан абиси Атамбаевдин заманында да куйругун кыпчып Москвага кире качкан. 2017-жылы ал өзүн көкөлөтө мактап 30 пайыз менен Атамбаевден кийин экинчи рейтинг меники деп, президенттиктен үмүт кылып турган. Абиси анын өзү рейтинг түзүп алган жалган талапкерлигин түрткөн жок. Бабановдун ааламга жар салган үч эле пайыз рейтинги бар досун түрттү. Ал эмес 2017-жылы июлда Сочиде Орусиянын президенти Путинге жолугуп бата алып келди. Биздин кесиптешибиз сүйкүмдүү Сыяш Караман ээрчий барып Путинди желкелеп жүрүп маек кура келген. Президенттик шайлоо алдында абиси Атамбаев колдобой койгон соң 2017-жылы 1-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн казак-кыргыз Көк бөрү боюнча мелдешинде «патриот» Бабанов кыргыздын казактарга утулуп беришине кам көрөт да, казак олигархы Булат Утемуратов аркылуу ал кездеги казак президенти Нурсултан Назарбаевге жол табат. Чал Бабановго батасын берип, казактар мыйзамсыз кошуна мамлекеттин шайлоосуна кийлигишип, акчаларын сапырып Бабановду колдой баштайт. Буга таарынган абиси Атамбаев Назарбаевге каршы чыгат. Казакстандын чек аралары жабылып, ортодо эл запкы жейт. Шайлоо бүтүп досун бийликке алып келген соң Атамбаев каршы чыккандарды Канат Исаев сыяктуу четинен камай баштайт. Бабанов Москвага кире качып кутулат. Атамбаев 2019-жылы 8-августта Кой-Ташта камалары менен Бабанов Москвадан кайтып келет. Бекер эле кайтып келбейт, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан 17 миллион доллар алып курдурган «Азиямолл» супермаркетин барымтага карматып келет. Деги Бабановдо андан башка дагы эмне мүлкү бар?

Атамбаевдин убагында Түркиядан бир аргымак парага алып кызматынан түшүп, Кыргызстандагы №3 кызмат Бишкек мэри болом дегенде эки көзү төрт болгон Бабанов деген бар. Анын үстүнөн кылмыш ишин козгошуп «Азия-Молл» супермаркетин берип араң кутулду деген кеп бар. Ушундай кылмыш иштери бар адам 2021-жылы президенттик шайлоого катышпаса да, аны УКМК чакыртып, иштерин иликтеп жаткан, акыры Кумтөр иштери боюнча каматып тынышкан. Эми Садыр Жапаровдун сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алган Бабанов оорудум деп онтоп чет мамлекетке кире качкан. Балким, ал жактан жакшылыктын шоораты угулуп кимдир бирөө башынан сылап жаткандыр. Болбосо бир гана өз байлыктарын ойлоп, кайсы кызматка келбесин элдин мүлкүн ичип-жеп тойбогон Бабанов ашагандан тажамак беле? Ал көпчүлүктүн мүлкүн жеп жатып жарылган жок. Кылмыш иштерин унутуп, Садыр Жапаровдун бир капталына жабышып, элди соро баштоону пландап жатса керек.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

Последние новости