www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кокон шаарындагы Педагогикалык институтта окуган кыздардын жатаканадагы бөлмөсүнө жашыруун камера орнотуу иши боюнча сот өкүмү чыкты.
Ага ылайык, окуу жайдын проректору Ойбек Бозоров 4,5 миллион сум өлчөмүндө, дагы үч кызматкери 3 миллион сумдан айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Алардын баары Административдик кодекстин «Жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.
Быйыл 4-апрелде Педагогикалык институттун студенттери жатакана бөлмөсүнөн жашыруун камера таап алышканын билдиришкен.
Кыздардын айтымында, 1-апрелде аларды референдум боюнча үгүт иш-чарасына шашылыш түрдө чакыртып, бөлмөнү ачууну өтүнүшкөн. Аларга «Wi-Fi сигналын күчөтө турган жабдуу орнотуларын» айтышкан.
Шектенген кыздар бөлмөнүн бурчуна орнотулган кутуну ачып, жашыруун камера табышкан.
Кыздар жабдууну адистерге алып барышкан. Алар анын үн менен видео жазган жана аны түйүн аркылуу башка жабдууга жеткире турган жашыруун камера экенин тастыкташкан.
Видеокамерага жалпысынан 128 Гб көлөмдөгү видео жазылган. Анын ичинде кыздар кийим алмаштырган учурлар да бар.
Студенттер ички иштер органдарына даттанып, президенттин элдик кабылдамасына кайрылуу жөнөтүшкөн. Мындан соң проректор аларды ички иштер бөлүмүнө кайрылганы үчүн урушкан. Ректор кыздарды «окуу жайдын мүлкүн» зыянга учуратканы үчүн зекиген.
5-апрелде Өзбекстандын Билим берүү министрлиги кыздардын бөлмөсүнө жашыруун камера орнотууга катышкан проректор жана үч кызматкер иштен алынганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg