www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Москва шаарында өткөн II Евразиялык экономикалык форумдун сессиясына катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

“ЕАЭБ өзүнүн экономикалык потенциалын гана бириктирбестен, бирдиктүү эмгек рыногун да курууда. Биздин өкмөттөрдүн алдында актуалдуу милдет турат - билим берүү аркылуу адам капиталын калыптандыруу ыкмаларын координациялоо. Эмгек мигрантынын статусун өзгөртүүгө, илимий-техникалык жана интеллектуалдык чөйрөлөрдө эмгек мигранттарынын өкүлчүлүгүн жогорулатууга мезгил келди”, — деди Базарбаев.

 

Кыргызстан ЕАЭБдин бирдиктүү эмгек рыногун өнүктүрүү үчүн эмгек рыногунун талаптарын эске алып, кесиптик жана техникалык билим берүү системасын өркүндөтүүнү, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринде бирдиктүү талаптарды шайкеш келтирүү жана киргизүү үчүн сертификациялоо жана квалификацияны таануу борборлорун түзүүнү сунуштады.

“Кызматкерлерди, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн коргоонун жана коопсуздугунун бирдиктүү системасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн туруктуу өсүшү үчүн шарттарды түзүү маанилүү”, — деди министр.

Базарбаев миграцияны башкаруунун жетишкендиктеринин бири чет өлкөдө цивилизациялуу ишке орноштуруу системасын түзүү экендигин белгиледи.

“Эмгек миграциясынын оң натыйжаларына акча которуулардын келип түшүүсү, жаңы технологиялар, жаңы кесиптерди өздөштүрүү , квалификацияны жогорулатуу жана кесиптик көндүмдөр кирет. Мунун баары аймактардын экономикасынын өнүгүшүнө, үй-бүлөлөрдүн бакубаттуулугунун өсүшүнө өбөлгө түзөт”, — деди министр.

Евразия экономикалык форуму — ЕАЭБдин жыл сайын өтүүчү экономикалык иш-чарасы. Иш-чарага бийлик органдарынын, бизнес-коомчулуктун, эл аралык уюмдар менен ЖМКлардын 2,5 миңден ашык өкүлү катышат.

Өткөн жылы форум Кыргызстандын борбору Бишкекте уюштурулган.

Sputnik — ЕЭФ-2023түн маалыматтык өнөктөшү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости