www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Миң чөгөлөсүн бирок Байсалов өз сөзүұнө турбайт, эртең эле тантый баштайт. Эмне анда кайрадан кечирим сурайбы? Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун социалдык блокту көзөмөлдөгөн орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан 2023-жылдын 13-сентябрдагы парламенттин жыйынында буга чейинки сынга алган сөздөрү үчүн кечирим сурады. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин белгилеп: "Кандайдыр бир эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөр менен айткан болсом бүгүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сурайм", - деп билдирди.

 Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Байсаловдун сөздөрү боюнча президент менен сүйлөшкөнүн, депутаттардан кечирим сурай турганын жана дагы бир жолу парламенттин беделине шек келтирсе, кызматтан кетерин белгилегенин айтты. Депутаттар каникулга тараар алдында Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйынында Эдил Байсаловду кызматтан алуу сунушун президентке жөнөтүү боюнча токтом кабыл алган. Парламенттеги “Ишеним”, “Ата Журт-Кыргызстан” фракциялары жана “Мекенчил” депутаттык тобу Эдил Байсаловдун отставкасын кароо демилгесин көтөргөн.

Демилгенин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы кайым айтышуу себеп болгон. Кыргызстандын Британиядагы элчиси болуп турган Эдил Байсалов 2021-жылы 13-октябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын социалдык маселелер боюнча орун басары болуп дайындалган.

 

Дагы бир кабар Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев жакынкы аралыкта кызматынан кетиши мүмкүн экен. Бул боюнча саясий чечим кабыл алынып калганы айтылууда. Негизи ушундай сценарий болоору Шакиев төрага болуп келгенде эле парламентте күбүр-шыбыр желдей жорткон болчу. Демек, Шакиевдин отставкага кетээри күтүлүп жаткан окуя десек жарашат. 

Себеп дегенде, "Мавр өз ишин аткарды, эми кызматтан кетүүгө тийиш..." Анткени анын миссиясы Өзбекстанга кеткен Кемпир-Абад маселесин ратификациядан өткөрүп берүү экени ошол учурда сөз болгон. Бул боюнча белгилүү журналист Бекен Назаралиев ачык жазып чыккан. Мына эми ошол иш Шакиевдин төрагалыкты өткөрүп берүү менен жыйынтыкталганы турат. 

Айткандай, Шакиев түйүнчөгүн түйүп кетсе, ордуна вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев келиши мүмкүн экени сөз болууда. Негизи, парламентте Нурлан Шакиев, Балбак Түлөбаевден кийинки эле орунда кошоматты катырып, сын айткандарды жемелеп, адыраңдап жатканында кеп бар болчу.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости