www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Карганбек Самаковдун бир жакшы идеясы бар Кыргызстандын тентек сууларын аргамжылап мини ГЭС куруу тууралуу. Нарында Куланак-1-4, Нарын-1, Нарын-2, Ысык-Көлдө мини ГЭСтер Садыр аке, Кыдыр аке, Тилекмат аке, Сарт аке, Карга акелердин ысмын түбөлүккө калтыруу үчүн ушулардын наамынан койсок деген.

Жакында Финансы-кредиттик фонд тарабынан "Куланак" ГЭСин куруу жана пайдалануу долбоору боюнча жалпы суммасы 88 млн долларга кепилдик келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, "Куланак" ГЭСин ишке киргизүү өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылат, республиканын энергетикасынын отун ресурстарынын баасына көз карандылыгын азайтат, Нарын облусунун калкынын электр энергиясына болгон керектөөлөрүн толук канааттандырат, айыл чарба багытындагы сугат жерлеринин көбөйүүсүнө алып келет жана ошондой эле өлкөнүн бюджетине кошумча чегерүүлөрдү камсыз кылат.

"Долбоор аймактык жана жалпы мамлекеттик масштабга ээ. "Куланак" ГЭСинин кубаттуулугу 100 МВт түзөт, жылына орточо 435 млн кВт / саат электр энергиясын иштеп чыгат жана объектти куруу учурунда 700дөн ашык жумуш орундары түзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Долбоордун жалпы наркы 127,9 млн долларды түзөт, анын ичинен 88 млн доллар Евразия өнүктүрүү банкы жана Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду тарабынан паритеттик негизде каржыланат.

Белгиленгендей, ГЭСти ишке киргизүү 2025-жылдын аягына пландаштырылууда. Бул долбоордун демилгечиси "Нарын "өндүрүштүк ишканасы" ЖЧК болуп саналат.

Эскерте кетсек, өлкөнүн улуттук экономикасынын субъекттерине мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында КР министрлер кабинети тарабынан тышкы жана ички инвестицияларды тартуу үчүн кепилдик берүүнүн финансылык инструменти киргизилген.

"Куланак" ГЭСин куруу жана эксплуатациялоо" долбоору 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча КР министрлер кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген.

Маалымат үчүн: КР Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана республиканын экономикасынын тармактарын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруучу мамлекеттик мекеме болуп саналат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости