www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк мамлекеттери бирдиктүү алфавит түзүүнү пландоодо. Түркия мурун эле латын алфавитинде, Өзбекстан латын алфавитине өткөн. Казакстан, Түркмөнстан, Азербайжан латын алфавитине өтөбүз деп турушат. Жалгыз гана орус алфавитиндеги Кыргызстан. Түрк мамлекеттер уюму өлкөлөрү бирдиктүү алфавит түзүү маселесин талкуулап жатканда орус алфавитине өтүшү мүмкүн эмес, өтсө латын алфавитине өтүшү мүмкүн. Бирдиктүү тил процессин тездетүү жана түрк мамлекеттерин жалпы алфавитке өткөрүү үчүн комиссия түзүлгөнү белгиленген. Анын курамына түрк мамлекеттеринин тил саясаты менен алектенген расмий структураларынан экиден мүчө кирет.

Комиссия бирдиктүү алфавит тууралуу докладды уюмдун Аксакалдар кеңешине киргизет. Анын биринчи жыйыны Кыргызстанда өтөрү жана датасы такталып жатканы айтылды. Түрк мамлекеттери уюмуна Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан кирет, Венгрия менен Түркмөнстан байкоочу өлкө катары турушат. Мүчө мамлекеттерде Кыргызстандан башкасы латын алфавитин колдонот.

Улуттук кыймылы партиясынын лидери Түркиянын президенти Режеп Эрдоганга «Түрк дүйнөсү» деген картаны белек кылган. Бул картада Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана Тажикстан кызыл түс менен берилген. Кызгылт түс менен и Балкан жарым аралы, Ирандын тең жарымы, Орусиянын түштүк аймагы, Шибердин (Сибирь) көпчүлүк бөлүгү жана Монголиянын  батыш тарабы берилген. Андан тышкары сары түс менен Алтай, Якутия жана кытайдын Шинжаң –Уйгур автономиялык району берилген. Бул түстөр эмне себептен берилгени тууралуу сүрөттө сөз болгон эмес. Эрдоган менен Бахчели президенттик сарайда 45 мүнөт жолугушкан, бул жолугушуу тууралуу эч кандай сөз болгон эмес. Жакында 2021-жылдын 12-ноябрында  Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан жана байкоочу катары Түркмөнстан менен Венгрия жолугушкан. Стамбулда өткөн бул жолугушууда Түрк мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши Түрк мамлекетинин уюмуна айланган. Бул жолугушууда 2040-жылга чейин түрк дүйнөсүнүн Концепциясы кабыл алынган.

Түрк тилдүү элдердин катарына өлүп жок болгон көптөгөн элдерден тышкары азыр да элүүдөй эл бар. Өз алдынча мамлекет түзгөндөрү Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, андан тышкары Орусиянын курамында автономиялык республика түзгөндөр: Татарстан, Башкортстан, Крым, Якутия, Хакасия, Тува, Кабардин-Балкар, Карачай-Черкес, Чувашия, Өзбекстанда: Кара-Калпак, Кытайда: Уйгур-Шинжаң автономиялуу району. Булардан тышкары өз алдынча тилин сактап топтошкон элдер Венгрияда Мажарстан, Дагестанда кумук, Орусия, Кытайда көптөгөн түрк элдери бар.

Тилдердин айырмасына карата батыш жана чыгыш деп шарттуу аталган эки ири топко ажырайт. Батыш тобуна КЫПЧАК тилдүү: казак, башкыр, каракалпак, ногой, кумук, татар, өзбек-катагандар, өзбек-лакайлар, өзбек-дүрмөндөр, өзбек-барластар, крым татарлары, балкарлар, карачайлар жана башка майда элдер, ОГУЗ тилдүү: түрк, азербайжан, гагауз, түркмөн, салор, крым татарларынын түштүк диалектиси, караимдер, крымчактар, чуваш,шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, йуруктар башка майда элдер, УЙГУР тилдүү: уйгурлар, өзбектердин отурукташкан бөлүгү башка майда элдер кирет.

Чыгыш тобуна – КЫРГЫЗ-КЫПЧАК тайпасына: кыргыздар, түштүк алтайлыктар башка майда элдер, УЙГУР-ТУКУЙ тобуна: хакастар, тувалар, якуттар, долгандар, түндүк алтайлыктар, шорлор башка майда элдер киришет.

Түрк тилдүү элдер Түрк тилдүү элдердин басымдуу бөлүгү ислам дининин суннит багатына кирет. Ислам дининин шиит агымдарына азербайжандар, шахсевендер, кажарлар, кызылбаштар, христиан равославдар чуваштар, гагауздар, якуттар, хакас, алтайлыктардын бир бөлүгү, балкан түрктөрү, буддисттерге тувалар, Монголиянын түрк тилдүү этностору, иудейлерге караимдер, крымчактар, шаманизмге сары уйгурлар, тувалар, алтайлыктар, хакастар, шорлордун бир бөлүгү сыйынышат. Демек, түрк тилдүү элдер дүйнөдөгү белгилүү диндер менен байланышта. Бул түрк тилдүү элдердин таралуу ареалын да чагылдырат.

1991-жылга чейин бир гана Түркия эгемендүү мамлекет болгон. Түркияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан кошулган.

Түрк тилдүү өлкөлөр кызматташтык саммити 2010-жылы расмий түрдө түзүлүп, катчылыгы иштей баштаган. Ага төрт өлкө: Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия мүчө болгон.

Алгачкы саммит 2011-жылы Казакстандын Алматы шаарында өтүп, экинчи саммит 2012-жылы Бишкекте уюштурулган. Бул саммитте түрк тилдүү мамлекеттер арасындагы билим берүү, маданий кызматташтык маселелерине көңүл бурулган. Ал эми үчүнчү саммит Азербайжандын Гебели шаарында уюштурулса, төртүнчү ирет бул уюмдун саммитине Түркиянын Бодрум шаары 2014-жылы кожоюндук кылган.

Бешинчи жолу кеңештин жыйыны 2015-жылы Казакстандын Астана шаарында өткөн соң үч жылдык тыныгууга туш болду. Расмий Бишкек саммитти 2016-жылы өткөрүүнү болжосо да, президент Атамбаевдин айынан жок болуп кете жаздаган Түрк кеңешинин саммити эки жыл бою өткөрүлбөй келген.

2018-жылдын 3-сентябрында Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы "Рух ордо" комплексинде Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин 6-саммити өткөн. Бул ирет Өзбекстан уюмга расмий түрдө кошулган.

2019-жылы Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйыны өткөн. Сегизинчи жыйыны 2021-жылдын 12-ноябрында Стамбул шаарында өттү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости