www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдо болуп кеткен министр Доскул эмес Ибраедин ордуна таш-балакетти койсо да иш чатак. Өкмөт башмандак ата баштады, ал тууралуу ойлогондо бүгүнкү эл башына түшүп жаткан мүшкүлдү ойлобосо болбойт. Буга чейинки кымбатчылыкка Орусия менен Украина согушу себепкер болду дейли. Азыр кызыктай болгон атат, электрди жагууга тыйуу салды, Кара Кеченин көмүрүнө тыйуу салды, газ Ош, Бишкектин айлана-чөйрөсүндө эле бар, бирок абдан кымбат. Демек кыргыздар эки шыйрагын жагып үйүн жылытабы? Лекин, өкмөттүн башын кыя чаппаса болбой калды...

Гүлжан ШЕРИПБАЕВА: Арзан аң-сезим турмушта кымбат турат

Этикалык мамлекет куруунун доору келатат. Жаңы –бул унутулган эскилер. Биз менен түбөлүккө кала турган баалуулуктар – үрп-адат, каада –салт, адеп-ахлактык мораль. Улуттук жана үй –бүлөлүк турмуштун этикалык эрежеси калат.

Азыркы заманбап иликтөөчүлөрдүн бири  В. Шемшук, жазыптыр: «Адам канчалык моралдуу болсо, ошончолук таланттуу. Адам сыймык менен өзүн Homo sapiens (Акылдуу адам) атаган, акыл –эс мораль жок болсо өлүк, өлүктү ким жаратат эле?  Мораль жок акыл- эс отун чаап атабы же адамдын башын кыйып жатабы бары бир болгон балтага окшош. Аморалдуу адамдар хаос жана бүлүнтүү үчүн гана жаралган,  алардын колуна мамлекеттик башкаруунун тизгини тийе турган болсо абдан коркунучтуу: алар миллиондогон адамдардын турмушу менен оюнчук сымал ойногусу келишет. Биз азыр Адамзат мораль акыл –эстин үстүнөн карай турган чекке жеттик, ушул чектен өткөн соң, адам өзүн-өзү Homo Moralis деп атоого толук укугу бар. Мораль цивилизациянын жетишкендиктеринин деңгээлин чагылдырат.  Бүгүн саясат менен профессионалдуулар алектенсин деп жатабыз, мисалы юристтер. Бирок саясат үчүн юридикалык, тарыхий жана экономикалык билимдин деле кереги жок. Башкысы ал үчүн – моралды сактаган адам болуш керек, ал башкалар суктанган жана аны турагысы келген адам болуш керек, бул билимдин «азык-түлүгү» эмес, тарбиянын жыйынтыгы!»

Чынгыз-хандын мамлекети үч жүз жыл өмүр сүргөнүнүн себеби, этикалык нормаларга таянган. Бүгүнкү күндө да этиканын беш башкы эрежеси түбөлүккө  фундаменталдуу жана актуалдуу экени көрүнүп турат. Булар төмөнкү принциптер: материалдуулуктан акыл –эс өйдө турат, жекеден коомдук жогору турат, менчиктен бийлик өйдө турат, ээлеп алгандан кызмат кылуу өйдө жана  акыйкатчылдык мыйзамдан өйдө. Ушул принциптер бизге азыр жетишпей турат. Мыйзамдарды пачкалап жазып, кабыл алып жатабыз, ал эми пайдасы деле жок.  

Баалуулуктар тууралуу маселе жогоруда айтылгандай, калганы кеп деле эмес,инвестиция тартуу, коррупция менен күрөшүү, экономика, билим берүү жана медицинаны көтөрүү жана башкалар. Адеп-ахлактык маселелерди чечмейин, бардыгы курулай кыйкыруу. 

Биз саясаттан да, экономикадан да жана башка бардык тармактардан бардык күчүбүздү мобилизациялап,коомубуз адеп-ахлактык кайра жаралууга барбасак ордубуздан карыш да жылбайбыз.  Азыркы жана мурдагы өкмөттүн экономиканы көтөрүү жана өнүктүрүү боюнча көргөн чараларынын бары, башынан эле ийгиликсиз болуп жатканынын себеби, анткени кооз цифралардын артында коркунучтуу ойлор жашынып турат. Биздин биринчи кезектеги маселебиз: бардык коомдук, мамлекеттик жана жеке турмушубузду адеп –ахлактуулукка каратышыбыз керек.

Экономика да, саясат да, мыйзамдуулук да, башкаруу да, илим да, билим берүү да мындайча айтканда бардык чөйрө адеп-ахлактуулукка карата багытталууга тийиш. Бул азыр кездеги номер биринчи маселе. Элибизге жана коомубузга адеп –ахлактуулук жактан кайра жаралуу революциясы керек. Максат керек, ар бир жарандын жаңы эски баалуулуктар  жана идеалдардын чагылдырып, коом жана мамлекеттин кызыкчылыгы менен, биримдикке, тилектештикке, акыйкатчылыкка, эмгек сүйүүчүлүккө дал келиши керек.  Ушул баалуулуктун бары Негизги мыйзамда бекитилген болса жакшы болмок. Тилекке каршы, иштеп жаткан Башмыйзам азыркы заманбап болуп жаткан талаптарга жооп бербейт. Ал өнүгүү үчүн багытталган эмес. Анда бирдиктүү максат, бирдиктүү багыт, мотив жок, баалуулуктар жок жана позитивдүү өнүгүү үчүн идея жок.

Саясатта мораль жок, маданиятта да, экономикада да, бизнесте да аны жок кылышкан.Бардык көчөдөгү тамактар улутту жок кылып бара жатат -бул геноцид. Ушунун барын биз өз колдорубуз, өз мээлерибиз менен жасап жатабыз. Аракты көзөмөл жок чыгарып жатабыз, мындан «коронавирустук» жана башка вирус менен ажал тапкандарга караганда көптөгөн адамдар ажал таап жатат. Бургерлер менен шаурмаларды колдонуу - онкологиялык ооруканаларга түздөн-түз жол. Балдарга сүт менен булочка, конфет менен кант, чипсы менен кока-кола берип жатабыз – бул да ата-энелери тарабынан балдарына көрсөткөн геноцид. Мунун бары элге каршы жасалган рыноктук мамиле. Анан эмне кылабыз, эгер суроо-талап сунушту жаратып жатса, бул да адамзат барып туш болгон либералдык тузактын бири. Баңги заттар да суроо-талапты жаратып жатат. Бул эң жаман көрүнүш. Биз барыбыз тең башыбызды кумга тыгып алган төө куштардай сыяктуубуз. Ушуга карабай порошоктон сүт жана арак чыгарышкан биздин мыкты деп эсептелген бизнесмендер, бийликти мыкчып отурушуп, элге акыл үйрөтүп жатышат. Бул саясий вирус, коронавирус жана башка дарттардан коркунучтуу турган.

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg

Орус тилинен которулду

 

 

 

Последние новости