www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 "Эмне үчүн Атамбаевге «Кыргыз эл баатырын» бериш керек деген демилгени көтөрөсүң" деп Сайдулло Нышановду  бутунан кармап силкип жүргөн Текебаев  бүгүнкү күндө Германиядагы элчибиз.  Берлин шаарында Германияга сапарынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Германия Федеративдүү Республикасынын Федералдык тышкы иштер министри Анналена Бербок менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, 2023-жылдын 22-23-июнунда Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайердин Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынтыктарын, ошондой эле өз ара сапарларды жогорку деңгээлде уюштурууну талкуулашты.

«Германия Федеративдүү Республикасы Европадагы жана эл аралык деңгээлдеги маанилүү тышкы саясий өнөктөштөрдүн бири болгон жана болуп кала берет», - деп белгиледи жолугушуунун башында Министр Жээнбек Кулубаев.

Өз кезегинде Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок да өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде Германия-Борбор Азия диалогдук платформасынын алкагында кызматташууну мындан ары кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрликтеринин башчылары 2023-жылдын ноябрында Гамбург шаарында өтө турган кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин экинчи жыйынын эске алуу менен, экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, соода жүгүртүүнү өз ара көбөйтүү жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, герман инвестициясын айыл чарба, туризм, энергиянын кайра жаралуучу булактары, маалымат технологиялары жана башкалар сыяктуу келечектүү тармактарга тартуу маселелерин талкуулашты.

Тараптар ошондой эле айлана-чөйрө жана экология жаатындагы актуалдуу өз ара аракеттенүүнү карашты. Атап айтканда, Германиянын Тышкы иштер министрлигинин айлана-чөйрөнү коргоо көйгөйлөрүн жана климаттын өзгөрүшүн чечүүгө, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо стратегиясын иштеп чыгууга жана Германиянын айлана-чөйрөнү коргоо уюмдарынын Кыргызстандагы долбоорлорун ишке ашырууга багытталган «Жашыл Борбордук Азия» аймактык демилгесинин алкагында кызматташуу маселелерине көңүл бурулду.

Делегациялардын башчылары эки өлкөнүн энергетика, кайра жаралуучу энергия булактары, климатты коргоо жана «жашыл» экономикага байланыштуу башка кызыкдар чөйрөлөрдө кызматташуу потенциалын баса белгилешти. Буга байланыштуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев германиялык кесиптешине Кыргызстандын президенти С.Н. Жапаровдун өлкөнүн тышкы карызын реструктуризациялоо, анын ичинде аны «жашыл экономика» чөйрөсүндөгү долбоорлорду каржылоого алмашуу жолу менен демилгеси тууралуу маалымат берип, бул багытта биздин өлкөлөр ортосундагы активдүү өз ара аракеттенүүнү сунуштады.

Ал ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы иш менен камсыз кылуу жаатындагы кызматташтыктын активдештирилгендигине, 2023-жылдын 4-августунда Германиянын федералдык өкмөтүнүн миграциялык макулдашуулар боюнча атайын өкүлү Йоахим Штамптын Кыргызстанга сапарына оң баа берди.

Жолугушуунун өзүнчө темасы маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо болду. Атап айтканда, билим берүү тармагындагы кызматташуунун маанилүүлүгү жана герман тарабынын 2024-жылы Бишкекте Германиянын академиялык алмашуу кызматынын (DAAD) аймактык өкүлчүлүгүн түзүү ниети белгиленди.

Тараптар ошондой эле Борбор Азия чөлкөмүндөгү кызматташтыкты, Афганистандагы кырдаалды жана эл аралык коопсуздуктун башка актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү ниети жөнүндө Биргелешкен билдирүүгө кол коюлду. Документте тараптардын Кыргыз Республикасы менен Германиянын ортосундагы саясат, экономика, инвестиция, климат, “жашыл экономика”, маданият жана башка тармактарда кызматташуусун мындан ары өнүктүрүү ниеттери чагылдырылган.

Андан соң германиялык тарап Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынын тышкы иштер министрликтеринин башчыларынын биргелешкен пресс-конференциясын уюштуруп, анда сүйлөшүүлөрдүн негизги жыйынтыктары чагылдырылып, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооптор берилди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости