www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын парадзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Хайитхон Хусан кызы Улуу Британиянын Бирмингем шаарында өтүп жаткан IBSA Дүйнө оюндарында коло медаль тагынды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 48 килограммга чейинки салмакта катышкан Хайитхон Хусан кызы биринчи айлампада аргентиналык спортчуга жеңилген. Экинчи айлампада колумбиялык атаандашын ипон ыкмасы менен жеңип алды.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште Бразилиялык спортчуну жеңди.

Белгилей кетсек, аталган мелдеш көрүүсү начар спортчулар арасында биринчи жолу өтүп жатат. Жалпы 70 өлкөдөн 1000ден ашык спортчу катышып жатат.

Мелдеш 17-август күнү башталган, 27-август күнү жыйынтыкталат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости