www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус тили СССРдин мамлекеттик тили болгон. СССРден бөлүнүп чыккан Балтика боюндагы өлкөлөр Латвия, Литва жана Эстония орус тилин өгөйлөп, тепкилеп территориясынан эбакта кубалап чыккан. Украина да, айрыкча батыш Украина «москалдар» деп орус тилин жектеп келишкен. Айрыкча 2014-жылдан баштап орус тилге болгон куугунтук башталат, бүгүнкү күнү Украина чыгыш славяндардын биринчи өкүлү орус тилин четтетип, поляк тилин мамлекеттик тил кылгысы келип турат. Ошол үчүн Зеленский поляк тилин чыгыш славяндардын экинчи  өкүлү Украинада окутуу көптөн бери башталды, ал эми азыр анын кадыр-баркын орус тилиндей  деңгээлге жеткизүү боюнча сөз кылды.

Ал эми орус тилине көңүл буруп жаткан чыгыш славяндардын үчүнчү өкүлү Белорус. Беларусиянын президенти Александр Лукашенко 17-февралда Москвага келип, ал жерде орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө баштады. . Бул тууралуу өлкө лидерине жакын “Pul of the First” Telegram каналы билдирди. Телеканал беларус лидеринин Орусиянын борборуна учуп барган номер биринчи рейсинин фонунда тартылган сүрөтүн жарыялады. "Биринчи Москвада!" - деп айтылат билдирүүдө. Буга чейин Лукашенко Путин менен коопсуздук, коргонуу, ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрү тарабынан экономика жаатындагы тапшырмалардын аткарылышы боюнча маселелерди талкуулай турганын билдирген. Лукашенко Путин менен боло турган жолугушууну бейшемби күнү эртең менен жарыялады. Маалыматты кийинчерээк Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков тастыктады. Анын айтымында, сүйлөшүүлөр Москвага жакын Ново-Огареводо өтөт.

 НАТОнун аскер серепчилеринин кооптонуусу боюнча орус армиясы Донбассты бир жума аткылаган оор артиллериясынын көлөмү альянстын аскерлери Афганистан, Ливан, Мали жана Иракта 13 жыл короткон снаряддардын көлөмүнөн ашып түшүүсү мүмкүндүгүн айтышууда. 1980-жылдан 2022-жылга чейин чыгымдарын азайтып келишкен НАТО өлкөлөрү Украин согушу башталаары менен кайрадан бул тармакты каржылоону күчөтүштү. Польша мамлекети аскер кубаттуулугун арттырууга быйылкы жылга 20.39 млрд евро бөлсө, Германия өлкөсү аскердик тармакты колдоо максатында атайын түзүлгөн фондго 100 млрд евро которду. Ал эми Франция өкмөтү 2024-жылдан 2030-жылга чейинки аралыкта аскер кубаттуулугун колдоого 400 млрд евро жумшоо ниети бар.

Украинада башталган согуш көп өлкөлөрдүн өкмөттөрүн өздөрүнүн аскер доктриналарын кайрадан карап чыгууга мажбурлады. Согуш башталгандан бир жылдан кийин өнүккөн өлкөлөрдүн баардыгы өздөрүнүн аскер техникалары, ок-дарылары, алардын сапатына көңүл бурууга аргасыз болушууда. Бул өнөктүккө бир гана Европанын аскер стратегдери көңүл бурбастан АКШ, Кытай, Индия жана Тайвань мамлекеттеринин өкмөттөрү ойлоно башташты. Украинага канатташ жайгашкан мамлекеттер өтө тездик менен коргонууга жумшалчу каражаттарынын көлөмүн өстүрүштү. Аскердик өнөр-жайдын кубаттуулугун күчөтүшүп, танк, артиллерия жана абадан коргонуу системаларын өндүрүүнү кеңейтишти. G7 жана БРИКС бирикмелерине кирген мамлекеттер атомдук бомбалардан баштап азык-түлүк маселесине чейин мүмкүнчүлүктөрүн карап жатышат.

Аскер серепчиси Франсуа Хейсбург "НАТО курамындагы өлкөлөрдүн биринде да мынча көп көлөмдөгү артиллериялык ок-дарынын запасы жок, бир гана АКШдан башка" деди. Мындай кырдаал жарыша куралданууну ооздуктоо боюнча буга чейин жасалып келген иштердин жокко чыкканынан кабар берет. 29-ноябрдан 6-декабрга чейин Каирде өтө турган бул боюнча жолугушуудан "АКШ менен душмандашып калгандыгына байланыштуу" Орусия тарап баш тартып койгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости