www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«КРнын экономика министри Олег Панкратов кызматтан кетиши керек!» Мындай пикирди Жогорку Кеңештин шейшемби күнү өткөрүлгөн экономика жана фискалдык саясат боюнча отурумунда депутат Гүлшат Асылбаева айтып чыкты.
Депутаттын пикиринде кошуна өлкөлөр салык процедураларын фискализациялоо боюнча бир топ алгылыктуу аракеттерди көрүшүп, натыйжасында көптөгөн кирешелерди алып келип, ишкерликти «көлөкө- бизнесинен» алып чыгып жатышат.
Ал эми мындай ыкма Кыргызстанда дагы деле ишке киргизиле элек. Жарым жылдан бери мамлекеттик салык кызматы менен экономика министрлиги аталган долбоорду кантип ишке ашыруу керектигин алигиге чейин биле албай олтурушат. Ал тууралуу жумушчу топ түзүлүп, жыйындар өткөрүлгөнү менен андан эч нерсе чечилбей, эч кандай майнап чыкпай келет, иш алдыга жылган жок. Мунун баарына Панкратов күнөөлүү деп ойлойм» деди, эл өкүлү.
Булак: "Айгай"