www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Бабанов президент болуп калса эмне болмок? Айрымдары айтат ал кыргыз эмес, баарын сатып кетип калмак деп, бирок Бабановду колдогондор да жок эмес. Анткени жөндөмү бар, президенттикке татыктуу инсан. Болгону Ошто жаңылып айтып алган сөзү бар. Шайлоодо таластыктар аны эки кол менен колдошкон. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков деле жаман эмес, татыктуу президент болом деп бел байлап, коррупциянын колуп тушап жаткан кези. Шайлоонун тушунда бул эки саясатчы катуу урушуп кеткени элдин эсинде. Кандай болсо дагы Өмүрбек Бабанов премьер болуп турган кезинде элге паспорт алуу жагын кыйла жеңилдеткен. Ошондой эле ал жолдогу кайырмагын жайып алган ГАИлерди да алып салган. Бул олууттуу реформа десек болот.
Мына ушундай азаматтар Кыргызстанга суудай керек. Бабанов менен Жээнбеков тил табышып, чогуу-чаран саясат жүргүзүшсө, кайрадан элдешип алдашса, мамлекетибиз алдыга жылып, жакшы жыйынтык чыкмак беле...
Жазгүл Урмамбетова,
NazarNews.kg