www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы жылдары Кыргызстанда эбегейсиз чоң акча жеп, ичип алып качып кеткен адамдар көбөйдү. Алар өз курсагын ойлоп, балдарын чет өлкөдөн билим алдырып, аялдарына супермаркет, салондорду ачып берип, курсактарын кампайтып алып жүрүшөт. Элдер болсо баягы эле кейипи менен. Айрымдары бизнес ача коюп, кичине тыйын таба калса, көралбагандар аны улам-улам текшерип, бир жеринен минус издеп башташат.
Килейген "Кумтөрдө" кыргыз жарандарыбыз кара жумуш аткарып жатканы жалпыга маалым. Өз кендерибизди өзүбүз иштете албай канча жылдан бери тонналап канадалык компанияга көз каранда болуп келебиз. Тендер деп коюп же аны тийиштүү деңгээлде өткөрө албай жатабыз. Негизи эле, биз оңой оокатты жакшы көрөбүз., же ойлоп тапкан эч нерсебиз жок...
Мисалга премьер-министр аймактарга кыдырып барганда баары даяр турушат. Ага атайын дасторкон даярдалат, анын баары бюджеттин акчасына кедергисин тийгизээрин эч ким айтпайт. "Кой уят болуп калбайлы", дешип аймактыктар "татыктуу" тосуп алышат.
2018-жылды "Аймактарды өнүктүрүү жылы" деп атап коюп, балээсине калышты. Тескерисинче, аймактар кайра артка кеткени жалпы эл билет. Ошол себептен улам аймактык башчыларды жумуштан алуу маселеси Кубатбек Боронов тарабынан туура коюлуп жатат.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаев "силер малсыңар" деп Нарынга барып айтканда эң туура айткан. Азыркы премьер-министр дагы Нарын элин долбоорлорду жазбайсыңарбы деп нааразы болду. Анысы туура көлдүктөр 270 долбоор жазып жатышса, нарындыктар 7 эле долбоор жазганы маалым болду.
Жазгүл Урмамбетова,
NazarNews.kg