www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

– Мирлан мырза, спикер бөжөңдөп, Атамбаев беш миңдей адам алып, нааразылыкка чыкканы жатканын айтты. Абал курчушу мүмкүнбү?

– «Саясый абал курчуйт» деген ар кайсы ушактарга маани бербешибиз керек. Маалымат каражаттары туура иликтеп, тактап, анан маалымат таратышы абзел. А эгер митинг-пикеттер жөнүндө кеп болуп жаткан болсо, анда андан коркууга, кооптонууга негиз жок. Анткени, бул конституциялык укуктардын бири. Тынчтык митинги өзүнүн саясый көз карашын белгилеген маанайда өтсө, ким болбосун, экс-президентпи, саясый партиялар болобу, коомдук ишмерлерби, ар кимисинин укугу бар.

– Туруктуулукту бузууга кооптондурбайбы?

– Тынчтык митингдер эч кандай дестабилизацияга алып келбейт. Эгер башынан өлкөдө туруксуздукту орнотуу тилеги болуп келгендер болсо, алардыкы башка кеп. Ал эми тынчтык митингдер, тескерисинче, саясый атаандаштуулукка себепчи болот.

– Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу маселеси парламент жайкы эс алууга тараганга чейин ишке ашабы?

– Депутаттык комиссиянын чечими комитеттерде каралды. Бул аптада же наркы аптада Жогорку Кеңештин кароосуна алынып чыгат.

– «Ушул жумада каралат» деген маалыматтар бар го?

– Шаршемби күнкү күн тартибине кирген жок. «Бейшембидеги күн тартибине кирет» деп айтылууда.

– «Атамбаев июль айынын башында камалат» деген маалыматтар тарап жатат…

– Бул маселенин мыйзамга ылайык тартиби белгиленген. Тартип боюнча, Жогорку Кеңеш кол тийбестик макамын алгандан кийин башкы прокуратура тергөө жүргүзөт. Башкы прокуратура «кылмыш курамы бар» дегенден кийин Жогорку Кеңеш бүтүм алып туруп, анан жоопкерчиликке тартылат.

– Сиз комитет жыйынында сүйлөп жатып, «Атамбаевди макамдан ажыратуу тууралуу маселени жыйынга алып чыкпаш керек болчу» дедиңиз, эмнеге?

– Мен айтып коюшум керек. Биз тарыхый документ кабыл алып жатабыз. Демек, ал дыкаттык менен кабыл алынышы зарыл. Биз мурунку президенттердин бийлигинин учурундагыдан айырмаланып, жаңы бийликтин жалпы белгиленген принциптерине ылайык иш алып барышыбыз, эки күн, бир аптада эле айыптоодон алыс болушубуз керек. Бул жерде биз бир эле кылмыштарды эмес, саясый баа берип жатабыз. Депутаттар талкуулаганда, узурпацияны да талкууладык. Узурпациянын негиздемеси политологияда, укук саясатында башкача белгиленген. Бийлик бутактарында өзүм билемдик кылып, каалаганын кылса да ал фактылар менен белгилениш керек. Кайсы сотторду мажбурлаган, кайсы аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктарына кийлигишкен, Жогорку Кеңештин кайсы укуктарына кийлигишкендиги так көрсөтүлүүсү шарт. Мен жыйында ошолорду сурадым. «Алар барбы, болобу же болбойбу?» деп.

– Сиз шек санап атасызбы?

– Мен Атамбаевдин бийликти узурпациялоого катыштыгы сөзсүз бар деп эсептейм. Анын бийлигинин каталарын биз өз убагында деле айтып чыкканбыз. Бирок, азыркы шартта фактылар менен көрсөтүлүүсү керек да. Анткени, бул бир гана кылмышка айыптоо эмес, тарыхый документ болуп калат, Ошол себептен, баары эл ынана тургандай болуш керек. Эки күндө, бир аптада айыптарды үймөлөп салсак, тарых алдында уят болобуз.

– Бабанов менен сүйлөшүп жатасыздарбы, ал өлкөдөгү абал боюнча эмне деп жатат? А өзү качан келет?

-Албетте, Өмүрбек Токтогулович менен кабарлашып, сүйлөшүп турабыз. Ал баарынан кабардар. Өзү жакында келет. Өз өлкөсү, өз эл-жери, сөзсүз келет.

Булак: «АЗИЯnews»

Последние новости