www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабановдун багы ачылбай койду

Жогорку Кеңеш өлкөдөн чыгып кеткен Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши боюнча маселени карамак, ага тиешелүү мекемелердин өкүлдөрү да чакырылмак, бирок, көп өтпөй көпчүлүк депутаттар баш тартышты. Эчке салсак, кечээ Максат Сабиров аталган маселе боюнча сунуш киргизген болчу.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айткан эле. Буга байланыштуу кечээ жана бүгүн Жогорку Кеңеште экс-депутат Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча маселе каралмак. Эгер кечээ жумуш убактысы бүткөндүктөн бул маселени кароо башка күнгө жылдырылса, бүгүн маселе кайрадан добушка коюлуп, колдоо таппай калды.

 Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров ар бир депутат өзүнүн добушу, ою үчүн жооп бериши керектигин айтты.

"Кечээ биз Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине барганыбызга байланыштуу парламенттин жыйынына катыша алган эмеспиз. Кечээ Бабановго козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат угуу күн тартибине коюлуп, өткөн экен. Бүгүн болсо депутаттардын добуш берүүсүнөн улам колдоо тапкан жок. Эл өкүлдөрү добушун "каршы" же "макул" деп бериши керек.

Маселени кароонун өзүнүн процедурасы бар. Төрага Дастанбек Жумабеков аталган маселе каралар алдында фракция же комитеттин кайрылуусу менен сунушталышы керектигин айтты. Албетте, бул туура. Төрага ар бир депутаттын добушу жана ою боюнча комментарий бере албайт. Ар бир депутат өзү үчүн жооп берет", - дейт Бакиров.

Белгилей кетсек, депутат Максат Сабиров спикер Жумабековго "бул маселени кечээ эле карамакпыз, аны добушка коюңуз" деди. Бирок, каралбай тургандыгы добуштан кийин белгилүү болуп чыкты. Булак: NazarNews.kg

Последние новости