www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Араван районунда белгисиз адамдар "Кыргызстан коммерциялык банкынын" банкоматтын талкалап ичинен 900 миңден ашык акчасын уурдап кеткен. Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктады.

Кылмыш февраль айынын  9нан 10на караган түнү катталган. Арадан ай өткөнүнө карабай милиция шектүүлөрдүн изине түшө элек. Себеби уурулар банкоматты алдынан эмес, арткы тарабынан ачкандыктан камера уурулардын бетин тартып алган эмес. 

Эске сала кетсек, "Кыргызстан коммерциялык банкы" президенттике талапкер болгон Өмүрбек Бабановдуку деген сөздөр айтылып келет.

Милиция орун алган окуя боюнча учурда иш алып барууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости