www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Отунбаева, Атамбаев, Текебаев, Сариев сыяктуу Бабанов бийликти тартып алыш үчүн күрөшкөн жок. Ал Курманбек Бакиевдин убагында Өкмөттүн биринчи вице-премьери болуп турганда, ошол кезде өлкөнүн финансы жагын тейлеп турган Акылбек Жапаров ордун алат. 2010-жылы 6-апрелде Жапаров Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев менен Таласка барышканы тууралуу ушул жерде баяндап кетебиз.
Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү сыяктуу күрөшпөй, алар бийликке жеткен соң Роза апчесинин жанында пайда болгон Бабановго Текебаевдин Конституциясы майдай жаккан. Ошол үчүн жеңин түрүнүп «Республика» партиясы менен 2010-жылы күзүндө күрөшкө аттанат. Ал кезде “буюрса бийликти алдык, эми парламентти алабыз” деп чамгарактап турган Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү — СДПК, «Ата Мекен» жана башка партиялар менен чыгышып дуулдап турган. Азыркы бийлик башчылары «Ата-Журт» партиясында топтолушуп, Ош тарапта кан күйүп турганда элди тынчтандырабыз деп, элдин ишенимине ээ болгон. «Республика» партиясы менен Феликс Кулов жана Акылбек Жапаров башында турган «Ар–Намыс» акчанын күчүнө таянып, СДПК, «Ата-Мекен» бийликтин күчүнө таянып бул партиялар жеңип келишет.
Ошол бойдон «Республика» партиясы өзүн элита партиясы сезишип, бийликтин дал чокусунда келишкен. Бабановдун мүлкүн сакташ үчүн анын партиясынын парламентте турганы керек болгон. Анан кантип учурдагы партиялык система эмес шайлоо эрежелерин жактырсын?
Бабановдун «Республика» партиясы «Ата-Журт» партиясы менен тандемге келип, кийинки шайлоодо экөө бирге чыкмай болот. 2015-жылы «Ата-Журт» партиясын сатып, бул партиянын көпчүлүгүн «Республика» партиясына өз карамагында калып, Бабановдун айынан «Ата-Журт» партиясынын лидери Камчыбек Ташиев парламенттен сүрүлүп калат.
Бабанов жакшы көрүп, дайыма шайлоолордо колдоп келе жаткан абиси Атамбаевдин заманында да куйругун кыпчып Москвага кире качкан. 2017-жылы ал өзүн көкөлөтө мактап, “30 пайыз менен Атамбаевден кийин экинчи рейтинг меники” деп, президенттиктен үмүт кылып турган.
Бабанов ааламга жар салып “үч эле пайыз рейтинги бар” деген Сооронбай Жээнбеков өзүнүн канча пайыз баркы бар экенин шайлоодо көрсөтөт. Бабанов ааламга жар салган “үч эле пайыз баркы бар” саясатчы — Сапар Исаков болгон.
Атамбаевдин убагында Түркиядан бир аргымак парага алып, Өкмөт башчыдан түшкөнүнө Ташиев, Текебаевдер күнөөлүү эмес. Балким, ошондой ач көздүгүнөн анын президенттикке талапкердигин чийип салгандыр. Президенттик шайлоо алдында абиси Атамбаев колдобой койгон соң, 2017-жылы 1-сентябрда Нур-Султан шаарында өткөн казак-кыргыз көк бөрү боюнча мелдешинде “патриот” Бабанов кыргыздын казактарга утулуп беришине кам көрөт да, казак олигархы Булат Утемуратов аркылуу ал кездеги казак президенти Нурсултан Назарбаевге жол табат. Назарбаев Бабановго батасын берип, казактар мыйзамсыз кошуна мамлекеттин шайлоосуна кийлигишип, акчаларын сапырып Бабановду колдой баштайт. Буга таарынган абиси Атамбаев Назарбаевге каршы чыгат. Казакстандын чек аралары жабылып, ортодо эл запкы жейт. Шайлоо бүтүп, досун бийликке алып келген соң Атамбаев каршы чыккандарды Канат Исаев сыяктуу четинен камай баштайт. Бабанов Москвага кире качып кутулат.
Атамбаев 2019-жылы 8-августта Кой-Ташта камалаары менен Бабанов Москвадан кайтып келет. Адатына салып калп айтып, "элим, мен айтпадым беле, оор күндөрү силерге кайтып келем", - деп, жанында олтурган Мадумаровдун көзүн чекчейтип, оозун ачырат.
Эң кызыгы, “Бабан жакында келип президент болот” дешип, тарапташтары дуулдай баштайт. Орусиядагы лөк достору, таасирдүү тааныштары менен мамилесин бекемдеп, кезектеги лидер катары чыгууга камылгасын баштаган. Тилегине каршы Бабановго кылмыш ишин козгошуп, «Азия Молл» супермаркетин берип араң кутулду деген кеп бар.
Баса, 2005-жылдын 24-мартында “эми мага телефон чалба” деп Айдар Акаевди “ойнотуп” кеткен Бабанов акырын Акаевге ыктай баштаптыр деген кеп уктук. Деги анын мурункудай кадыр-баркы барбы же акчасын алдап алгандардын жомогубу?
Эми Садыр Жапаровдун сүрөтүн иш бөлмөсүнө илип алган Бабанов оорудум деп онтоп, чет мамлекетке кире качкан. Балким, ал жактан жакшылыктын шоораты угулуп, кимдир бирөө башынан сылап жаткандыр. Болбосо бир гана өз байлыктарын ойлоп, кайсы кызматка келбесин, элдин мүлкүн ичип-жеп тойбогон Бабанов ашагандан тажамак беле? Ал көпчүлүктүн мүлкүн жеп жатып жарылган жок. Акча айландыруунун “атасын тааныйт” эмеспи. “Сууга салса чөкпөгөн, отко салса күйбөгөн” касиети бар Бабановдун саясатка кайра кайтып келишин жакын санаалаштары болжоп жатышпаса керек. Бирок азыркы шайлоо эрежелери боюнча Бабанов таянган «Республика» сыяктуу партиялардын таш-талканы чыгып, шайлоого жаңы эрежелер менен барабы же жокпу күтө туралы.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews