www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мыйзамсыз алынган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылганын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы “Дженго” каймана аттуу Кадырбек Досонов уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана түштүк региону боюнча “положенец” учурунда 2022-жылы кылмыш жолу менен алынган каражатка Ош облусунан имараты бар жер тилкесин алып, кийин башка жаранга каттатканын аныктаган.
Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө 1972-жылы туулган Р.Н. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда Кадырбек Досоновдун мыйзамсыз кирешелерин легалдаштыруу фактыларын аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен жогорудагы жеке оорукана курулган жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.