www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Секс-оюнчуктары атайын боолору менен сатылышы керек! Бул адамдардын ичинен алып чыгууга ыңгайлуу” деген билдирүүсүн Орусиялык бир дарыгер Twitter баракчасына жайгаштырган. Бул постту жазуу менен ал дарыгер адамдардын ички органында калып калган секс-оюнчуктарды көп жолу опперация жолу менен алганына жини келгенин жашырган эмес.
Айтып олтурса, дүйнөнү таң калтырган адам баласынын мындай кылыктары өтө эле көп. Тагырагы, дарыгерлер тарабынан жарыяланган рентген сүрөттөрүнөн адамдардын аналдык тешиктерине жабышкан ар кандай предметтерди көрүүгө болот. Баардыгы тең хирургдардын бычагысыз бүткөн эмес.
Дарыгерлер аялдардын ички органдарынан бүкүлү бадыраң, банан, таңгагы менен дары, лампочка, бокал, ал турсун кол чатыр таап, алып чыгышкан.
Адам баласынын ички органына кирген мындай предметтердин ден соолукка тийгизген терс таасирлери күч экенин эскертет дарыгерлер. Айтымдарында, түрдүү жугуштуу илдетке кабылыштары мүмкүн. Ошондуктан кандай болгон күнү дагы андай адамдар дарыгерлерге уялбай эле кайрылуусун сунуштаган.
Булак: "NazarNews.kg"