www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

31-июлда Бишкектин Октябрь райондук соту экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун ишин карай баштайт. Илмияновго козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жөнөтүлгөнүн УКМК 3-июлда билдирген.

Маалыматка караганда, Илмиянов алдамчылык жолу менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алганы үчүн айыпталып жатат. Тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү (“Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча кылмыш жасаганы тууралуу маалымдалган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары таанымал Икрамжан Илмиянов 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал учурда Бишкектеги УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Илмиянов мамлекет башчынын кеңешчиси болуп 2015-жылы парламенттик шайлоодон кийин иштеген. Ага чейин президенттик аппараттын башчысынын биринчи орунбасары болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости