www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз журналистикасынын жүзү катары таанылган Байма Сутенова эже менен кечээки, бүгүнү коом, журналистика, адам жөнүндө болгон маек...
- Кыргыз журналистикасынын тарыхында эки башкача доорго күбө болдуңуз.Сиздердин жаштык гүлдөп турган учурда журналистиканы азыркыдан башкача кырдаалда, өңүттө тааныдыңыз... Учурдун журналистикасы менен ошол доордун журналистикасынын ортосундагы кандай айырмачылыктарды байкайсыз?
- Эсиңерде болсо керек, журналистиканын тарыхына баам салсак, Советтер Союзу курала элек кездеги Россиянын мурдагы эски тарыхында, Россия империя болуп турган кезиндеги гезит-журналдарын карасаңар, андан сырткары Европанын өзүнүн консервативдик газета-журналдарын деле карасаңар, ал жакта биринчи орунда публицистика турган. Адабий сын биринчи орунда турган. Биз ошол мектептен өттүк. Публицистика пайда болгонуна бир кылымдан ашык убакыт өтүптүр, азыр деле тиги же бул маанайда ошол публицистика уланып жатат. Демек, публицистика дегенибиздин өзү өлбөс жанр окшойт, адам менен кошо жашаган жанр болсо керек, себеби адам дайыма ойлонгонго, ойго түрткөнгө ыңгайлашып турат да. Ушул өңүттөн алып караганда, публицистика адам турмушунан үзүлбөй турган, адамга керек нерсе. Азыр “советтик деп чанып жатышпайбы, биз советтик классикалык журналистиканын базасында окудук. Ошондой тарбияланып калдык. Жазган, билгендербиз, бүгүнкүгө чейинки стилибиз да ошол бойдон сакталып калды. Орто жерде ошол советтик-классикалык журналистиканы жерүү да болду, коомчулук жерий баштаган. Андан кийин элдер түшүнүп калды, айрыкча интернет пайда болгону, блогерлер пайда болгону, барыбир сөз менен иштеген адамдарга салттуу журналистиканын керек экендигин түшүнүп калышты. Биз орто жерде журналистиканы маалымат аянты катары гана кабыл алып алдык, мен башында айтып өтпөдүмбү, журналистика – бул эң башкысы публицистика. Коомду дайыма ойготуп келген дал ушул нерсе. Мисалы, биздин учурдагы Советтик Кыргызстан, Известия, Труд, Правда гезиттеринин биринчи бетиндеги маалыматтар – эл чарбасы, социалдык, экономикалык, саясий курулуштар жөнүндө болор эле. Мен эмнегедир маалыматтарды аттап өтүп, үчүнчү, төртүнчү бетин окуп, андан кийин биринчи бетке өткөндөрдүн катарына кирем да. “Кыргыз гезиттеринен” сырткары бизди “Юность” журналы жана “Комсомольская правда” гезити тарбиялады. Комсомольская Правда гезитинин астында дайыма көлөмдүү публицистикалар болор эле, биз ошолордк көп окудук. Ар кимибиз өзүбүзгө жакын нерсени алып, тарбияланып калдык го. Жалпысынан, биздин муундан журналистикага келгендерден карасам, он чактыбыз ушул багытта калдык. Калгандарыбызды турмуш ар кайсы тарапка алып кетти. Анан, түздөн-түз кабарлар менен, маалымат берүү менен чектелип иштеп калгандарды мен биздин муундан жолуктурган жокмун. Негизи биз башында жазуучу болобуз деп келип, журналист болуп кеттик окшойт.
- Басма сөздү “төртүнчү бийлик” деп аташчу. Азыр деле ошол калыбынан жаза элекпи ?
- Сөзсүз түрдө, азыр деле дал ошондой кабыл алышат. Отуз жылдык убакыттын ичинде мен жакшы эле билип калдым, "төртүнчү бийлик" күчтүү... Сыртынан билгизишпегени менен, ичинен анализ жасай келгенде ошол эле гезиттерге чыккан, сайтка чыккан, теле-радиодон кеткен материалдарга негиздешип анализ жасап жатышат да. Бир эсептен, коомчулуктун маанайын чагылдырып жатышат, ошол маанайга жараша иш кылып жатышат. ММК дайыма таасирдүү.
- Азыркы шартта колуна телефон кармагандан баары эле маалымат жазгыч, оператор, кабарчы болуп кетишти. Мына ушул көрүнүш журналисттик кесиптин актуалдуулугун азайтып жибериши мүмкүнбү? Эл журналисттер берген маалыматка көз каранды болбой калган учур келбейби?
- Бул процесс эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында башталган. Ал кезде колуна калем кармагандын баары эле макала жаза баштады. Ошол эле нерсе азыр,бүгүн өнүгүп, блогерликке келип жетти. Кандай гана болбосун, бир жагынан алып караганда булар маалымат алып журүүчүлөр. Экинчи жагынан болсо, коом өзү эле тандап алат, мисалы жаштар жаш блогерлер менен таасирленсе, орто муундар ой токтотуп калган өз муунундагы журналисттердин сүйлөгөн сөзү, жазган макалаларына кызыгып дегендей.
Блогерлик – курак менен өтүп кетүүчү нерсе. Биз деле жаш кезибизде жакшы кийинип, жакшы сүрөткө түшүп, бирөө бизди байкап калса өзүбүзгө өзүбүз ыраазы болуп калар элек. Бул эми жаш курактык кызыкчылык да. Жакында эле ВВСнин Борбордук Азия боюнча координатору келип, Англиянын, Британиянын коомчулугундагы жаштар арасында блогерликтин абдан өнүккөнүн айтышты, “биз жаштарга багытталган саясаттын баарын блогерлер аркылуу жайылтып жатабыз” дешти. Демек, блогерлерди туура пайдалансак, жаштар туура багытка кетет. Бизде “жаштар саясаты” деп жаштарды пайдаланган менен, чындап алар менен иштөө болгон жок да. Ошон үчүн “элитный жаштар”,“золотой жаштар”бир мезгилдерде түнкү клубдарга, караокеге кирип кетишти, калгандары чет жактарга ооп кетишти. Жаштар саясаты деген эмне? Жаштар саясаты десе эле ары-бери көп чуркаган бир-эки активист жаштарды көрө коюп, кызматка отургузуп, анан ошону менен маселени чечип атышат. А жаштардын өзүнө дух бере турган нерсебиз болгон жок. Азыр ошол нерсени, элим-жерим деген духту, жаштардын демин мен кайдан байкап жатам? Мына бул жаш акындардан, жаш жазуучулардан байкап жатам. Ак калпак кийсе дагы, комуз кармаса дагы улуттук духту алып жүрүшүүдө. Мына ошол жаштар агартуучулук иш менен алек болуп жатышат. Бирок жаштар саясатын аныктай турган жерлерде ошондой нерселер байкалган жок, жаштарды бир эле туризм менен же спорт менен алаксытпаш керек элек.
- Блогерлердин же айрым жаш журналисттердин кутүлбөгөн учурда кайсы бир мекемеге болобу, элге таанымал инсанга болобу, ыңгайсыз абал жаратуу менен чукул кайрылышы, “хайп” жаратуу өңдүү көрүнүштөр блогерлик, журналисттик этикага туура келеби?
- Мисалы, блогерлер барып тиги же бу ишкананы текшере коюп, тамактанчу жайды текшере коюп жатышат. Бул деген ошол ишкананын же ашкананын ээсинин да мыйзамды жакшы билбегендиги жана барган блогердин да мыйзамды жакшы билбегендиги. Бир жакшы жагы - мына ошондой блогерлер коомдун санитары болуп жатышат. Бирок, коомго хайп жаратып, коомдук пикирге таянып алып ошонун ары жагындагы өтө эле аша чапкандык – бул жакшылыкка алып барбайт. Ал эми күтүүсүз жерден коомчулукка таанымал адамды ыңгайсыз абалга калтыруу менен хайп жаратуу – бул дегеле журналисттик эмес. Мындай нерсе журналисттик этикага эле эмес, адамдардын арасындагы мамиле этикасына да туура келбейт.
- Сизди кыргыз журналистикасынын жүзү катары тааныгандан сырткары, жазуучу катары тааныйбыз. Учурда жаңы прозаларды жазып жатасызбы?
- Кийин тушүнүп калдым, көп нерсе жаштыкка байланыштуу болот экен,жаш кезде курч болот экенсиң. Баарын жазат экенсиң. Жаш өткөн сайын, сен ошол кезде “курч” деп ойлогон нерсенин баарынын табы кете баштайт экен. Анан турмушту кененирээк тушунүп, канчалык терең түшүнгөн сайын көп нерсени жазуунун кажети жок экендигин билет экенсин. Эч нерсени билбей, биле элек, “кызылдай жинди” болуп турган учурлар аябай жакшы экен... Карасаң, бардык эле акын-жазуучулар ошондой куракта жазып алышат да. Бирок азыр, коомго пайда келтире турган, үлгү боло турган бир нерсе жазгым келет. Кээде тарыхты, тарыхка байланышкан нерселерди жазгым келет. Тарыхый сериалдарды жазгым келет... Ушул аркылуу элди өз нугуна, өз башатына буруп кетебизби деген ойлор келет. Мен өзү негизи жазуучумун. Бирок журналистика ушундай, бир аз да болсо калем кармап, керектүү материалдарды жазып, иш процессинин ичинде эле ичиңдеги букту чыгарып алат экенсин. Адамдын көкүрөгү бошой түшөт. Эгерде мен журналистикада болбой, башка кызматта болгонумда, балким, чындап толук кандуу жазуучулукту аркалайт элем.
- Эгер журналисттикке келбегениңизде өзүңүздү кайсы кесиптен көрөр элеңиз?
- Дарыгер болмокмун... учурунда ушунчалык дарыгер болууну эңсеп, бирок так илимдерге караганда гуманитардык илимдерге жакыныраак болгондугумдун айынан мединститутка тапшырбай калгам. Азыр деле ошол дарыгер болууну самаган көксөө көкүрөгүмдө калып калган. Кээде бала-чака чыргоолонуп калганда колума алып, антип-минтип, киренелеп койсом кадимкидей чыргоосу басыла түшөт. Колум жеңил.
- Эки доорду көрүп калдыңыз, сиздердин доордо азыркыдай кылмыштуулук көп эмес эле, а азыр болсо Айтматов жазган "маңкурттай” болгон адамдар арабызда эле, биз менен катарлаш жашап жүрөт... Кээде ой келет, “биз Айтматовду түшүнбөй калдыкпы, неге биздин коомдо “жырткыч-адамдар” көп болууда деген?..
- Биз адамдын табиятында болгон нерселерди терең түшүнүшүбүз керек. Биздин, адамдын табиятында баардыгы бар. Ошол нерселердин ойгоноор учуру болот да. Адамдын табиятын жаап, жымсалдап кете турган нерселер аябай көп. Бир эле нерсени мисал келтирейин, адам жакшы жашап жүргөндө абдан кең пейил, кенен, ак ниет болот. Ошол эле адамга кыйынчылык келип калса чыныгы жүзү ачылат. Азыр биздин коом ошондой абалда болуп турат. Баарыбыз эле жакшынакай жүргөнбүз, анан эле замандын, коомдун балким доордун алмашуусу менен адамдардын кайсы бир катмары жогору чыгып кетти, а башка бир катмары таптакыр ылдый жакта калып калды. Ылдыйкы катмарда калып калган адамдардын жада калса алдыда көрө турган келечектүү пландары да жок, алдыда ага эч нерсе көрүнбөйт... Качан адам баласы келечекти көрбөй калганда өзүнүн айланасына гана ыңгайлашат. Бир гана керт башынын кызыкчылыгынын, кайгысынын, кумарынын, кекиртегинин кулу болуп калганда, жанагы уурулуктар, мыкаачылыктар, педофилия сыяктуу үрөй учурган көрүнүштөр пайда болуп жатат. Биз мисалы, тынымсыз эмгектенүү, изденүүдөн улам аң-сезимдик денгээлде жогору чыгып кетип жатабыз да, ой жүгүртүү масштабы чоң болуп. Адамды дайыма масштаб алып жүрөт. Ошол нерсе бизди өйдө чыгарып ийип атат. А ылдый түшүп кетиш бир заматта, буга эч ким кепилдик бере албайт. Орусча айтканда, “ Никто не застрахован”.
- Демек, сиздердин жаштык доордо элдин ар түркүн катмарларга кескин бөлүнүшү байкалчу эмес?..
- Жанагы, жактырбай жүрүшпөйбү, “Кызга кырк үйдөн тыюу” десе. Бизди мисалы коом багып, карап, бүтүндөй айыл эли тарбиялап чоңойтту да. Жакшы нерсеңди аябай мактап, “Ай, жакшы окуп жатасыңбы, ушу сенден бирдеме чыгат” деп, кемчилигибизди көрсө акырын аны да айтып... Анан үйдөгүлөр айыл ичиндеги тиги аксакалды мактап, бул эжекени үлгү катары көрсөтүп, аларды угуп, көрүп атып эле өзүңдөн-өзүң түз басасың, түз жүрөсүң. Коом сени билгизбей эле алаканына салып тарбиялап алчу. Ошол нерсе бизден шак эле кетип калды да. Азыр адамдар кошунасынын үйүндө чуу чыкса кубанып турушат. Баягыдай жалпы алаканга салып турган баалуулуктар жок болуп калды.Коомдун багуусу, коомдун сени баалоосу жоголуп кетти. Кийинчерээк адамдар жамандыкта эмес, жакшылыкта саналып калды. Жакшылыкка барбай коюшат, жакшылыкты көрө алышпайт.
Анан эле, экинчи тарабында дагы бир нерсе башталды. Байып кеткендерде мактаныч башталды, үйү менен, машинеси менен, балдары менен. Бериде карап тургандар түпкүлүгүндө бир нерсе туура эмес болуп жаткандыгын билет... Анан адамдарга ой кетет, “аа демек, арам нерсе деле адамга жуга берет турбайбы” деген. Көз көрүнөө паракорчулук же кандайдыр бир туура эмес, арам жолдор менен байып аткан адамдарды көрүп туруп, алардын тапкан акчасы арам болгонуна карабай, эч нерсе болбой эле, ошолордун иши жүрүшүп, балдары окуп, үйү салынып жатканын көрүп туруп,карапайым адамдардын ындыны өчөт. Алар билет, бир нерсени колуна кармап айта алышпайт, бирок билет да, коомдо кайсы бир нерсе туура эмес жүрүп жатат, арам иштер көбүрөөк болуп жатат, аны айтып чыгууга далили жок, алы келбейт, ошентип ичтеринде терең нааразычылык келип чыгат. А нааразычылыгы келип эле адамдын өз тагдырына таасир этет. “Ага эмне үчүн болот, мага эмне үчүн болбойт” деген өчөшүү менен балким, ал да уурдап көрөт. Бирок ал сөзсүз кармалат...
Экинчиден, баягы, коом өйдө-төмөн болгон учурда эркектерге кыйын болду. Биз ал-бул дегенибиз менен, баарыбир үй-бүлөнү багуудагы негизги жоопкерчилик илгертен эркектердин мойнунда болуп келген. Коомдо кескин өзгөрүүлөр жүргөн учурда эркектерге кыйын эле болду. Баарыбир эркек да, намыстанат. Үй-бүлөнү багайын дейт, балдарын багайын дейт, бирок,эч мүмкүнчүлүк таппай калган учурда бул шоруң каткырлар батырак сынат экен. Анан ичкиликке кетишти, өйдө-төмөнгө кетишти, өз намысын унуткандары акчалуу аялдарга оой баштады.
- Ошол жылдарда коомдо “гендердик теңсиздик” деген термин пайда болуп, бугүнкү күндө кадимкидей коомчулукка кеңири жайылып, иш алып барып жатышат. Бул маселени көтөрүп чыгуу кыргыз элине канчалык деңгээлде керек болду деп ойлойсуз?
- Мен илгери гендердик бир долбоор менен иштеп, тренингге катышып, ошондогу бир маселеге келгенде, ошол маселени туура экен деп ойлоп калдым. Себеби, эсиңерде болсо, биз кыздар 1993-95-жылдары жерге ээ болбодукпу. Биздин ата-энебиз биздин үлүшүбүздү алышты. Кыздарга берилген үлүш кыздарга өтпөй калды. Бул биздин, кыздардын материалдык жана капиталдык базабыздын түбү болчу. Аны эч ким тартып алган деле жок, мыйзам боюнча ал жер кызда. Ошолкыз эртедир-кечтир мамлекеттик кызматка орношсо, декларациясынан деле чыгат. Бирок, ата-эне ошону кызга айтып коюш керек да, кызым мобу жер сеники деп. Гендердик маселенин ушул учуруна мен ынандым. Себеп дегенде ошол кыздар турмуштан жолу болбой, келип калган учурлары деле болушу мүмкүн, алар ата-эненин үйүнө батпайт, бир тууганга батпайт. Мына ошондой учурда, биринчи кезектеги капиталдык базасы-анын мамлекет тарабынан берилген жер үлүшү. Демек, бул мамлекет тарабынан кепилдикке алынган маселе. Экинчи бир жагынан алып караганда, акыркы мезгилде тикток, ютуб сыяктуу социалдык тармактарда келиндин жашоосуна байланышкан окшош сөздөр, видеороликтер көбөйүп кетти. Карасаң баары эле “келин байкуш, күндө конок тосуп, чарчап атат, анын кайненеси жаман, күйөөсү жаман” деген сыяктуу окуялар. Эми бул деле аша чапкандык. Азыр антип адамдын жанын кыйнап ийчү деле жумуш жок, конок деле сейрек келет. Келин байкуш дей берип, биз ошол түшүнүктү келиндердин аң сезимине сиңирип жатабыз. Анан азыр, коом акырындап келиндерди аямыш этип “бала бул – кубаныч эмес, бала сенин убактыңды алат, ден соолугуңду алат, жаштыгыңды алат, сени депрессиядан чыгарыш керек кокуй” деген түшүнүктөргө жетелеп бараткансыйт. А биздин учурда, жашоо-шарт азыркыдан бир топ жөнөкөй, ыңгайлуу эмес учурда деле төрт-беш баланы апасы депрессия болбой-этпей эле багып-чоңойтуп, тарбия берип жетишчу. Дагы бир нерсени айта алам, беш сом тапса да, эркектин тапканында кандайдыр бир береке бар.
- Сагын Акматбекова эже менен болгон бир интервьюңузда “карылыктан корком” деген сөзүңүз бар экен...
- Мен ушул жерге жаңыдан орун басар болуп келгенимде, бул жерде кызматкерлерди иштен кыскартуу жүрдү. Абдан чоң кыскартуулар болду. Мен ошондо кары кишилерди, кары дегенде кандай, азыркы менин жашымдагы эле кишилерди көрдүм да, алар дүңүнөн кыскартууга кетишти. Жөн эле чөп чапкандай кетишти. Алардын пенсиясы ошол кезде алты жүз, жети жүз сом эле болчу, ошол пенсия менен кетти. Мен ошолордун көздөрүндөгү коркунучту, чөнтөгүнүн жукалыгын, анан кийген кийимдерин көрүп аябай коркком. Аябай коркком. Азыр деле үйдөгү балдарга айта берем, “балдар азыр мен иштеп жатам, мен иштебей калган учур келет, ошол учурда менин кийимим таза болсун, бут кийимим таза болсун” дейм. Кедей болуп калгандан, мусаапыр болуп калгандан коркком мен ошондо. Мага карылык деген нерсе ошондой ассоциация менен көрүнгөн... Кийин байкасам, бюджетниктердин баары эле ошондой экен да, мына азыр күнүмдүк тапканыбыз күндө короп жаткандай эле.
- Сиздин байкооңузда биздин коом азыр эмнени көздөй бара жатат? Маданий, руханий агаруу жолундабызбы же..?
- Биз саат сайын агаруу жагына бара жатабыз. Негизи агаруу процесси бир ордунда эле тура бербейт да. Кээде жогорулоо , кээде төмөндөө болот бул процессте. Бир жылдар болот, элдер майрамды майрамдай тосуп, коом өзү гүлдөп, жакшы нерселерди өткөрүп турган. Бир учур болот, баары артка кетип, төмөндөгөн. Биз көпчүлүк учурда ошол баалуулуктардын кулоо, пассивдешүү мезгилин эле эске алып калып жатабыз. А өйдө көтөрүлүү, керек болсо ошол көтөрүлүп бараткан учурдун өзү деле жакшы да. Азыр руханий агарууга бардык шарт, мүмкүнчүлүк бар. Ар бирибиздин колубузда интернет, каалаган темада изденүүгө болот. Башканы кой, ушул менин жаш курагымда деле Тик Ток сыяктуу соцтармактарга кирип, жакшы нерселерди көрөм. Мен мурда билбей жүргөн нерселерди көрөм.
Өйдө-төмөн дегенибиз менен, айта кетчү бир нерсе бар. Мен философ Жумагул Сааданбековдун пикирине абдан кошулам. Театр, опера-балет сыяктуу маданий агартуу жайлары жабылган учурда, жакшы кино чыкпай калган жылдарда бизди эмне алып калды? Бизди тойлор алып калды. Биз ошол театрга кийчү жакшы көйнөгүбүздү, чач жасалгабызды жасап алып тойлорго бардык. Баарлаша турган аянтчабыз тойлор болду. Бизге бир жаркыраган кооз, күнүмдүк турмуштан өзгөчөлөнгөн жашоо керек болгон учурда, биз тойлордон кезиктик. Кубандык. Бара-бара убакыт өтүп, азыр эми тойлор ошондогудай болбой, кунарын жоготуп, элдер ырчыларга деле, тамадаларга деле мурдагыдай баш-оту менен тартылбай, жан дүйнөсүнө жаңылык издеп турган учуру. Мисалы азыр,кыргыз драма театрынын иши кандай сонун болуп жатат, опера-балеттер кандай сонун өтүп жатат. Маданий жайларда эл толтура. Өзү ушундай экен да, а биз бир нерсенин жыйынтыгын батырак эле көргүбүз келип, тезирек ийге салып жибергибиз келет экен. А чынында ар бир нерсенин өзүнүн өнүгүү процесси бар. Азыр биздин коом руханий, маданий өсүш жолунда эле эмес, илим-билимин да өркүндөтүү жолунда экендигин белгилеп айта алам.
- Ылайым айтканыңыз келип, эртеңибиздин күнү ачык, келечеги жарык болсун эже! Убактыңызды арнап, ой бөлүшкөнүңүз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Маекти уюштурган Махабат Саидрахманова. Кыргыз Туусу