www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик катчы С.Касмамбетов аз күн мурда мамлекеттик тилдин көйгөйлөрүнө арналган бир жыйында сүйлөп жатып, “Россияга барсам, орус тилине көңүл бурбай жатасыңар дешет. Мен анан небереме телефон чалып кыргызча сүйлөдүм эле, ал орусча жооп бергенден кийин унчукпай калышты” дегенин бир жагынан россиялыктарга жагынуу үчүн болсо, экинчи жагынан, корунгандай, “менин неберелерим деле кыргызча билишпейт, ишенбесеңер өзүңөр көргүлө. Анан ушундай тилдин келечеги болмок беле?” деп айткысы келгендей түшүндүм. Эгерде Мамкатчынын үйүндө мамлекеттик тилге көңүл бурулбаса, ал мамлекеттик тилдин кызыкчылыктарын кантип коргойт, кантип тил саясатын жүргүзөт?
Тилекке каршы, Мамлекеттик катчынын деңгээлиндеги чоң чиновник, болгондо да маданий, идеологиялык иштерди жетектеген инсан Москвада бирөөлөргө кандай жагынса же жагынгысы келсе да кеңири аудиторияда андай сөздөрдү айтпашы керек эле. Мамлекеттик жогорку деңгээлдеги жетекчилер, биринчи кезекте, башкаларды башкарып, акыл үйрөткөндөн мурда өздөрүнүн тилдерин башкарганды үйрөнүшү, ал эрежени билиши зарыл. Бөтөлкөлөштөрдүн арасында айтыла тургандарды Алмазбек Атамбаевге окшоп жалпы элге жарыялай берүү, биринчиден, мамлекеттик кызматкердин этикасына ылайык келбесе, экинчиден, мамлекеттик тилдин колдонулуу чөйрөсүн кеңейтип, өнүктүрүү боюнча саясатын бутка тепкендей болуп жатпайбы. С.Касмамбетовдун жогорудагыдай сөздөрүн уккандан кийин кимдин деле болбосун көңүлүнө: “эгерде Мамкатчынын неберелери кыргызча билишпесе, анын “мамлекеттик тил, улуттук насил-нарктар жөнүндө бабырагандары жөн эле айлык алуу үчүн эле айтылган кооз сөздөр турбайбы. Анын неберелерине кереги жоктун менин балдарыма зарылчылыгы барбы?” дегендей күдүк ойлор кетпей койбойт.
Манастап көкүрөктү ургулап, ооздорубуз кооз сөздөрдөн арылбаган менен Борбордук Азиядагы мокок, коркок, анан ары жок эл бизбиз. Борбордук Азиядагы башка бир да өлкөнүн мамлекеттик тили биздикиндей мышык ыйлагыдай абалда эмес. Жакында катталгандай, Кыргызстандагы айрым кафе-ресторандарда (“Дубровский”) кыргыз тилинде ырдаганга уруксат берилбесе, эгемендүү эл үчүн андан өткөн мазактоо, кордуктоо болобу? Ал окуядан кийин тил саясатына катышы барлардын баары чокойлорун сүйрөп, эптеп маяна алып жүрө беришпестен ыктыярлары менен отставкага кетип калышса туура болмок. Анткени, алар өз кызматтык милдеттерин аткарышпагандан улам “жер ээн болсо...” дегендей окуялар катталып атат. Көчөлөрдөгү, коомдук жайлардагы англис, орус ж.б. тилдериндеги күндөн-күнгө көбөйүп жаткан көрнөк-жарнактарды айтпай эле коёлу. Бирок, биздеги айлык алгычтардын андай жарандык батылдыкка да кайраттары жетишпейт.
Эне тил - эненин сүтүнө салыштырылат, демек ал да эне, ал эми биз ага өгөй энеге кылгандан да жаман мамиле жасап келатабыз. Башкы идеолог делгендин үй-бүлө мүчөлөрүнүн мамилеси тигиндей болгондон кийин, калганына кудай төшүн берсин. Президент, Өкмөт бул боюнча чечкиндүү чараларды көрбөсө, маданий, идеологиялык иштер сууга чөккөн кемедей кыйшайып баратат. Аны оодарылып кеткенге чейин күткөндүн кажети жок, - деп жазат журналист Мирлан Дүйшөнбаев.
Баса, эне тил демекчи Бишкек шаарында жайгашкан Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониядагы "Кыргыз Республикасынын Эл артисттери жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисттери" тактайында, "сиңирген" деген сөз "синирген" деп жазылып турганына көп болду. Мындай "н" менен "ң" тамгасын ажырата албай олтурсак, эне тилди, тактап айтканда мамлекеттик тилдин көйгөйлөрү азырынча чечилбейт го.
Өзгөрүүнү өйдөдөн баштап, жалпылап кайдыгерликти токтотпосок жакшы эмес. Болбосо кашкайып жазылып турган улуттук филармониянын жетекчилери же кызматкерлери кашкайган катаны көрбөгүдөй башын көтөрбөгөн "ташбака" эмес чыгар. Тил маселесин көтөрүү бийликтин гана иши эмес, жалпыбыздын аракетибиз болушу керек!
Булак: NazarNews.kg