www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-депутат, Бактыбек Калмаматов, "Ата Мекен" оппозициядан дагы кандай оппозицияга кете турганы түшүнүксүз болууда", деп маалымат булактарына айтты.
-- "Текебаев акталбаса, "Ата Мекен" оппозицияга өтөрүн айтты. Анда буга чейин "Ата Мекен" оппозицияда болгон эмес деп кабыл алуу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Бактыбек Калмаматов жооп берди.
--"Ата Мекен" фракциясы Жогорку Кеңеште азчылыкты түзүп, оппозицияда калган фракция болуп саналат. Демек, фракция оппозицияда болсо, партия да оппозицияда болуп эсептелет. Себеби фракция менен партия бир түшүнүк. Анан оппозициядан дагы кандай оппозицияга кете турганы учурда түшүнүксүз болууда.
Мен "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңешинин мындай билдирүүсүн эч жерден окуй элекмин. Балким, бул Асия Сасыкбаеванын жеке пикири, анын көз карашы. Мындай билдирүүнү партиянын атынан сүйлөй турган партиянын төрагасы, саясий кеңеши жана Жогорку Кеңеште фракциянын лидери бар. Ал эми Сасыкбаеванын ою эмнени билдирет, мен аны түшүнгөн жокмун жана ал билдирүү юридикалык күчкө ээ эмес", - деди Калмаматов.
Булак: NazarNews.kg