www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Экономика жана коммерция министрлигинин 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жыйынына катышты.
Өз сөзүндө ал 2025-жыл Кыргызстандын тарыхына экономикалык ишенимдүүлүктүн, туруктуулуктун жана масштабдуу өзгөрүүлөрдүн жылы катары киргенин белгиледи.
«Глобалдык чакырыктарга карабастан, биз өнүгүүнүн жогорку темпин сактап калууга жетиштик. Биз стабилдүүлүк жок болсо, туруктуу өнүгүү мүмкүн эмес экенин жакшы түшүнөбүз. 2025-жылы өлкөдө коомдук-саясий жана экономикалык туруктуулук камсыздалды. Ушунун негизинде консолидацияланган бюджеттин көлөмү 1 триллион сомдон ашты», — деп баса белгиледи Бакыт Төрөбаев.
Ал бул мамлекеттин каржы тарыхындагы маанилүү этап болгонун белгиледи. 2020-жылга салыштырмалуу өлкөнүн бюджети дээрлик беш эсеге өсүп, 247,8 млрд сомдон 2025-жылы 1 трлн 101 млрд сомго жетти.
«Биздин негизги ийгилигибиз – жөн гана кургак сандар эмес, экономиканын түзүмүндөгү сапаттык өзгөрүүлөр. Экономика керектөө моделинен инвестициялык-индустриалдык моделге ишенимдүү өттү. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДП 11,1%га өсүп, реалдуу түрдө 2 триллион сомдук тарыхый чекке жакындады. Бул акыркы жылдардагы 10%га жакын туруктуу өсүү тенденциясынын мыйзам ченемдүү натыйжасы», — деп белгиледи Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары.
Анын айтымында, өлкөдө экономикалык активдүүлүк бир топ жогорулаган. Ырааттуу реформалардын жана мамлекеттик колдоонун натыйжасында 2025-жылы социалдык-экономикалык өнүгүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилди.
Алсак, кайра иштетүү өнөр жайы 2024-жылга салыштырмалуу 30,1%га өстү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсү экономиканын негизги кыймылдаткычтарынын бири болуп калды: анын көлөмү 1 триллион сомдон ашып, 1 триллион 11,6 миллиард сомду түзүп, 10,9%га өстү. 2020-жылга салыштырмалуу кызмат көрсөтүү сектору 3,5 эсеге өстү.
Курулуш сектору да олуттуу өсүш көрсөттү. Эгерде 2019-жылы курулуштун дүң продукциясынын көлөмү 172 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 438,4 миллиард сомго жетип, 2,5 эсеге көбөйдү. Капиталдык салымдар да кыйла өстү: 2021-жылдагы 6,1 миллиард сомдон 2025-жылдагы 51,9 миллиард сомго чейин, бул тармактын тездетилген өнүгүүсүнөн кабар берет. Айыл чарбасында да туруктуу өнүгүү камсыздалды: тармактын дүң продукциясынын көлөмү 2020-жылдагы 249,5 миллиард сомдон 2025-жылдагы 459,7 миллиард сомго чейин өсүп, дээрлик эки эсеге көбөйдү.
Стратегиялык пландоо алкагында 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын иш-чаралар планы кабыл алынып, анда артыкчылыктуу багыттар жана негизги милдеттер аныкталган. Документ улуттук маанидеги ири долбоорлорду, анын ичинде ишке ашыруунун активдүү фазасына өткөн "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун курууну камтыйт. Ошондой эле эл аралык кызматташтыктын алкагында ишке ашырылып жаткан Камбар – Ата ГЭС – 1ди куруу, шамал, күн энергетикасы жана кичи ГЭСтер тармагындагы долбоорлор артыкчылыктуу багыттар болуп саналат.
Туризмди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. "Ала-Тоо Резорт", "Чаткал Резорт" жана башка туристтик кластерлердин долбоорлорун илгерилетүү маанилүү. Кошумча инвестицияларды тартууга жана ишкердик активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган "Тамчы" атайын каржы-инвестициялык зонасын түзүү боюнча иштер улантылууда. Коллегиянын жыйынтыгы боюнча Бакыт Төрөбаев Экономика министрлигине бир катар тапшырмаларды берди.