www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Японияда дээрлик үч жумага созулган катуу кар жаашынын кесепетинен 46 адам каза болуп, дагы 558 киши жаракат алды.
Бул тууралуу The Japan Times басылмасы өрттөргө жана табигый кырсыктарга каршы күрөшүү агенттигинин шейшемби күнү жарыяланган маалыматына таянып жазды.
Январь айынын аягынан бери токтобой жааган кар өлкөнүн түндүк аймактарын каптап, Япон деңизинин жээгиндеги райондордо транспорт кыймылынын олуттуу бузулушуна алып келди.
Полициянын жана жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, кырсыктардын көбү үйлөрдүн чатырларынан кар көчкөндө же адамдар кар тазалоого аракет кылып жатып жыгылып кеткен учурда болгон.
Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматы боюнча, өлкөнүн түндүгүндөгү Аомори аймагында 1,3 метр кар жааган.