www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын саясий мейкиндигинде акыркы күндөрү күтүүсүз өзгөрүүлөр орун алып, бийлик ичиндеги күчтөрдүн тең салмагына байланыштуу суроолорду жаратты. 10-февралда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Аны менен кошо 3 орун басары дагы кызматтан четтетилди. Бул чечим коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ар кандай божомолдорго негиз болууда.

Саясат таануучу Аркадий Дубнов бул өзгөрүүлөрдү “жогорку деңгээлдеги толук эмес төңкөрүш” деп мүнөздөдү. Анын баамында, соңку жылдары өлкөнү башкарып келген тандем өз саясий ресурсун түгөтүп, мурдагыдай туруктуулукту камсыздай албай калган. Ташиевдин күчтүү амбициялары жана коопсуздук тармагындагы чечкиндүү кадамдары аны айрымдар үчүн “өлкөдөгү биринчи адам” катары көрсөтүп келген.

Чынында эле, Ташиевдин ысымы чек ара маселелерин чечүү, кримтөбөл Камчы Көлбаевдин жок кылынышы сыяктуу резонанстуу окуялар менен тыгыз байланышта болду. Бул анын саясий салмагын арттырган факторлор катары бааланат.

Арийне, Камчыбек Ташиев кызматтан алынганын Германияда дарыланып жүргөндө укканын билдирди. Анын атынан жарыяланган кайрылууда ал президенттин чечимин кабыл аларын, мамлекетке “ак кызмат өтөгөнүн” жана мыйзамсыз аракеттерге барбоого чакырганын айтты. Ошол эле учурда жеке курам менен коштошо албаганына өкүнүчүн билдирген.

Ташиевдин тарапташтары анын кызматтан алынганын жарлык чыккандан кийин гана укканын айтышууда. Бул жагдай чечимдин күтүүсүз кабыл алынганын көрсөтөт. Президент Садыр Жапаров бул чечимди “мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, коомчулукта жана мамлекеттик түзүмдөр арасында бөлүнүп-жарылууга жол бербөө максатында” кабыл алганын билдирди. Бирок көп өтпөй президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов кошумча тактоо киргизип, сөз түздөн-түз Ташиев тууралуу эмес, анын атын жамынып алып ар кандай аракеттерге үндөгөн айрым адамдар жөнүндө болуп жатканын айтты.

Анын айтымында, айрым коомдук ишмерлер депутаттарга жана башка таасирдүү адамдарга чалып, “генералды колдоо” өңдүү чакырыктарды жасашкан. Бул мамлекеттик түзүмдөрдүн ичинде чыңалуу жаратууга түрткү болгон деген жүйө келтирилди. 

Натыйжада, 11-февралда коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков Ички иштер министрлигине суракка алынып кеткени кабарланды. Анын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөнү маалым болду. Расмий органдар бул боюнча кеңири комментарий бере элек.

Белгилей кетсек, буга чейин Талгарбеков баш болгон 75 адамдан турган коомдук-саясий ишмерлер президентке кайрылып, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштаган. Бул кайрылуу саясий процесстердин фонунда кошумча басым жараткан фактор катары каралууда.

Ташиевдин мындан аркы саясий кадамы азырынча белгисиз. Ал Германиядан кайтып келип активдүү саясатка аралашабы, же 2027-жылга пландалган президенттик шайлоого катышабы азырынча белгисиз. Айрым саясатчылар, анын ичинде Феликс Кулов, эгер Ташиев бийликке каршы конфронтация жолун тандабаса, куугунтук болбой турганын белгилешти.

Кыргызстандын тарыхында бийлик транзити тынч жана мөөнөтүндө ишке ашкан учурлар сейрек болгонун эске алганда, азыркы кырдаал дагы бир саясий бурулуштун башаты болушу мүмкүн. Бирок президенттик аппарат “биримдикти бекемдөө” риторикасын карманып турган шартта, жакынкы мезгилде ачык каршылык сценарийдин болушу күмөн.  Бул өлкөдөгү саясий күчтөрдүн кийинки кадамдарынан көз каранды.

Последние новости