www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сак болуңуздар! Ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы кар көчкү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка караганда, 11-февралдан 13-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана төмөнкү унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү, ошондой эле кар күрткүсү күтүлөт:

  • Бишкек – Ош: Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуулары жана Чычкан капчыгайы;
  • Суусамыр – Талас – Тараз: Өтмөк ашуусу;
  • Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу: 55–115-чакырымдар аралыгы;
  • Ала-Бука – Каныш-Кыя: Чапчыма ашуусу;
  • Красная-Горка – Акташ: 0–3-чакырымдар аралыгы;
  • Сары-Таш – Дароот-Коргон – Карамык: 97–98-чакырымдар аралыгы;
  • Бишкек – Нарын – Торугарт: Долон ашуусу;
  • Арал – Миң-Куш: 1–14-чакырымдар аралыгы;
  • Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад: Көк-Арт ашуусу;
  • Каракол – Эңилчек: Чоң-Ашуу ашуусу.

Жолдор тайгак болот. Айдоочулар коопсуздук үчүн унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

Последние новости